Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Кыргызстанда жер көчкү, сел болушу ыктымал райондор көп


БИШКЕК. Учурда өлкөдө көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар аймактарга ОШ облусундагы Өзгөн, Каракулжа, Алай райондору, Жалалабат облусундагы Сузак, Базаркоргон, Аксы райондору жана Майлусуу шаары, Чүй облусундагы Карабалта шаары менен Нарын облусундагы Атбашы району, ошондой эле Талас шаары кирет. Бул тууралуу 6-сентябрда өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин кызматкерлери билдиришти. Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рустембековдун билдиргенине караганда, министрликте структуралык өзгөртүүлөр жүргүзүлөт. Министрликтин айрым структуралары кыскартылып, район, айыл өкмөттөрүндөгү бөлүмдөрдүн саны көбөйтүлөт. Бирок министрликте иштеген кызматкерлердин саны азайбайт. Ал эми быйыл ОШ, Жалалабат, Чүй аймагында орун алган селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү улантылууда. Бирок ал үчүн министрлик өкмөттөн сураган 170 млн сом бериле элек.

XS
SM
MD
LG