Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязовдун жыйында жасаган баяндамасынын тексти жума күнкү «МСН», «Эркинтоо» гезиттеринде жарыяланды.
«Эркинтоо» гезитинде экс-спикер Абдыганы Эркебаевдин маегине да орун берилген. Аңгеме-дүкөндө кийинки кездердеги саясий жагдай, өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы, конституциялык реформа тууралуу кеп болот.
«МСН» гезити Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун президент К. Бакиев менен элге кайрылуусун жарыялады. Уят-сыйытты жыйыштырып койгон айрым аткаминерлер мурда А. Акаевди кандай мактап, асман-айга жеткирип көкөлөтүп келсе, эми аны жер-жеберине жеткире сындап, жаңы бийликти жандап кызмат үмтөтүп жүргөнүн айтып, А. Бекназаров башкарууга жаштардан арбын тартуу зарыл деген пикирин билдирген. Ансыз өлкөнүн тазарышы кыйын, мурдагы бийликтин ышпалдасын чыгаргандар жаңыны деле жарытып колдоп ийбейт.
Гезитте окумуштуу Арапбай Мариповдун мурдагы преизденттин билимге карата салкын-суз мамилеси тууралуу макаласы жарыяланды. Кыргызстанда 100 ашуун жогорку окуу жайларын ачкан академик президент бардык ишке көз жумду мамиле кылып, ат үстүнөн башкарууну жакшы көрчү, деп белгилейт макала автору.
1999-жылы августтун жыйырма төртүндө Баткен урушу башталган. Александр Кимдин «Согуш качан башталган?» деген макаласы тарых бүктөмүндө калып бараткан кооптуу учурга арналган.
Жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде эл жазуучусу Ч. Айтматовдун маеги жарыяланууда. Европалык ишкерлерге кошулуп жылкычылыкты өнүктүрүү, топоз өстүрүүнү колго алуу сунушун айткан улуу жазуучу мурдагы бийлик бул жаатта эч кандай аракет жасабаганын билдирген.
«Биздин башкаруу араба, арабакеч жана ат мисалында. Араба – мамлекет, арабакеч – төбөлдөр, ат – эл. Бирок арабакеч акыркы 15 жылда кай жакка барышын өзү да билбей, тизгинди оңду-солду кага берип, атты биротоло суй жыгылтты. Айласы кеткенде ат арабакечти ыргыта тепти», деп жазат Шайлообек Назаралиев «Арабаны кошо тартыш керек. Антпесек биз сазга бата беребиз» аттуу макаласында.
Улуттук илимдер академиясынын тагдыры, анын илимдеги орду кандай болушу керек суроосунун тегерегинде академик Жамин Акималиев «Мамакеевдин көзүн май басканбы?» деген макаласында ой жүгүрткөн.
Ушул эле гезитте чыккан «Бозгунбаевди ким токтотот?» макаласында журналист Ы. Өмүрзаков Кыргызстан профсоюздар бирлигинин жетекчисинин биртоп мыйзамсыз иштери тууралуу кеп кылган. Көл боюндагы жерлерди туристтик фирмаларга сатып, профсоюздарга тийиштүү путевкаларды согуш ардагерлерине эмес, керектүү кишилерге берген жетекчи ушу тапта сурак берип жүрөт.
Жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде жарыяланган урунт материалдар тууралуу басылманын баяндамачысы Бактыгүл Чотурова айтып бермекчи:
- Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы энергетикалык коопсуздук боюнча эксперт-аналитиги Калыбек Cарыковдун «Электр энергиясы бул товар» деген макаласы жарык көргөн. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын дебитордук карызы өсүп жатат. 2005-жылдын башынан бери дебитордук карыз 14 пайызга жеткен, же болбосо 329,7 миллион сомду түзөт. Коопсуздук кеңеш жыйынында айтылган маанилүү маселелер менен да сиздер ушул сандан тааныша аласыздар. Ошондой эле Жогорку сот төрагасынын зайыбына кылмыш иш козголгондугу тууралуу кабарга орун берилди.
«Бийлик бураманы катуу бурай баштады. Кыргызстанда да саясий туткундар чыгабы», деп суроо коет бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде Данияр Каримов.
«Кыргызстанда 86 миң чиновник катуу иштеп атышкандай түр көрсөтүшөт, элдин болсо аларды багууга кудурети жетпей жатат», деп жазат Ш. Назаралиев «Аймактар өз алдынча болгулары келишет» деген макаласында.