Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

ОРУСИЯЛЫК ЧАКАН КЕМЕ ТЫНЧ ОКЕАН АСТЫНДА КАЛУУДА


Эки күндөн бери орусиялык суу астында жүрүүүчү чакан кайык Тынч океандын астында калууда. Ырасмий бийликтер экипаждын жети мүчөсүнө 24 саатка жетерлик кычкылтек бар экенин айтып, алар аман-эсен деген үмүттө. Мини-субмарин шашылыш жардамга келаткан АКШлык жана британиялык адистердин жардамы менен суу үстүнө көтөрүлөт деп күтүлүүдө. Мындан беш жыл мурда суу астында жүрүүчү “Курск” атомдук кемесиндеги кырсыкта, анын 118 мүчөсү курман болгон.

Орусия бийликтеринин Тынч океанга чөгүп кеткен суу астында жүрүүчү чакан кайыкты-минисубмаринди куткаруу аракети натыйжасыз болдууда.
Контр-адмирал Владимир Пепеляев Москвада кабарчыларга билдиргенге караганда, өткөн түнү субмарин жээкти көздөй 100 метрге жылдырылган:

- Силерге маалым болгондой, биз субмаринди жээкти көздөй 100 метрче жылдырдык жана ал турган жайды буйлар менен белгилеп койдук. Атайын кайык азыр аны суу бетине чыгарганга даярданууда.

Эми бардык үмүт Камчатка жарым аралына жардамга шашып бараткан америкалык жана британиялык адис-куткаруучуларда. Аларда орусиялыктарда жок суу астында куткаруу иштерин жүргүзүүчү “Скорпио –Чаян” деген атайын кайыгы бар. Адамсыз башкарылчу бул робот-кайык металл буюмдарды жана болот зымдарды кесүүчү аспаптар менен жабдылган.

Орусиялык булактардын маалымдашынча, АКШлык жана британиялык адистер Бишкек убактысы боюнча саат 21 ченде куткаруу иштерин баштоого даяр болушат.

АКШнын деңиз тереңинде жүрүүчү кемелеринин командири Кент Ван Горн Калифорнияда жасаган билдирүүсүндө, америкалыктар орусиялык аскерлерди куткаруу үчүн колдон келген бар аракетин жасайт деди:

- Убакыт өтө тар экенин билебиз жана кырсык болгон жерге мүмкүн болушунча тез жетүү үчүн колдо бар ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланабыз. Эгерде орусиялыктар кайыкты биз жеткенче чыгара албаса, ал ишти биз “Скорпио” кайыгыбыз менен бүткөрө алабыз.

190 метр тереңдеги антенага чырмалышып калган кайыктын ичиндеги жети аскердин тагдыры белгисиз. Аскерий жетекчиликтин айтышынча, эки күндөн бери суу астында жаткан кайыктын экипажында кеминде дагы 24 саатка жетерлик кычкылтеги бар.

Мини-субмариндеги кырсык жөнүндө сөз кылышкан байкоочулар мындан беш жыл илгери “Курск” атомдук кемеси менен болгон алаамат окуяны эске салышып, ырасмий Москва ошондо кетирген катачылыгынан сабак алган көрүнөт дешет.
Анда субмариндин ичиндеги бардык 118 аскер набыт болгон жана Орусия жетекчилиги эл аралык коомчулукка жардам сурап өтө кеч кайрылганы үчүн катуу сынга алынган.

Бул ирет орусиялык бийликтер кайык кырсыкка учураганы белгилүү болор замат тыш өлкөлөрдү шашылыш жардамга чакырды. Жардамга келаткан британиялык команданын башчысы Ян Ричс убакыт колдон чыгып баратканын айтып, орусиялык аскерлердин өмүрү “Кудайдын эркинде” дейт.

XS
SM
MD
LG