Астана саммити жаңыдан курулуп бүткөн «Ак ордо» аттуу президенттик сарайда Казакстандын төрагалыгы астында өттү. Адегенде президенттер тар чөйрөдө жолугушуп, андан кийин делегациялар деңгээлинде кеңейтилген кеңешме болду. Анын соңунда президенттер маалымат каражаттарына билдирүү жасашты. Казак президенти Нурсултан Назарбаев алгач сөз алып, ШКУнун максаты террорго, экстремизмге каршы күрөш жана соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү экенин билдирди. Ал уюмга байкоочу катары Пакистан, Иран жана Индия кабыл алынганына токтолуп, муну менен ШКУ жана аны менен тыгыз кызматташ мамлекеттердин калкынын саны адамзаттын жарымын түзөөрүн белгиледи. Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао коопсуздук багытында кызматташууга басым жасоо керектигин белгилөө менен экономикалык кызматташуу четте калбаш керек деген ойду билдирди.
Ал эми алфавитке ылайык үчүнчү болуп сөз алган Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, Кыргызстан Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында экономикалык кызматташууга артыкчылык берээрин билдирди:
- Кыргызстан ШКУну экономикалык потенциалы өтө чоң уюм катары көрөт. Уюмдун ошондой эле региондордо коопсуздукту, туруктуулукту камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүгү арбын. Ошондуктан Кыргызстан ШКУнун ишине чоң маани берет жана келечекте бул уюмдун бекемделишине, өнүгүүсүнө жигердүү түрдө катышууга даяр. Биз уюмдун алкагында транспорт, энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз.
Саммитте президенттер декларация кабыл алды. Анда терроризм, экстремизм, сепаратизмге каршы күрөш менен катар Ооганстанда антитеррордук операциянын активдүү бөлүгү аяктаганга байланыштуу Шанхай кызматташуу уюмуна кирген айрым өлкөлөрдүн аймагына жайгаштырылган АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерлерин чыгаруу мөөнөтүн так аныктоо маселеси да көтөрүлгөн.
Белгилүү болгондой, антитеррордук коалициянын аскерлери 2001-жыл 11-сентябрдагы Нью-Йорк шаарындагы террордук чабуулдан кийин Кыргызстан менен Өзбекстан аймагына жайгаштырылган.
Анжиян окуясы эл аралык коомчулук тарабынан иликтениш керектигин АКШ баш болгон батыш өлкөлөрү баса белгилей баштагандан кийин Өзбекстандагы америка аскерлери акырындап башка өлкөлөргө чыгарыла баштаганы маалым. Талдоочулардын пикиринде, ошондуктан декларациянын бул бөлүгү Кыргызстанга көбүрөөк тиешелүү.
Астана саммити боюнча 6-июлда маалымат жыйынын өткөргөн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева аскердик базаларды чыгаруунун мөөнөтүн тактоо кайсы бир өлкө эмес, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн баары тарабынан тең көтөрүлгөнүн билдирди:
- Баарыбыз, анын ичинде биз да антитеррордук уюмдун бир бөлүгүбүз. Бирок кайсы жерге ким келсе да, анын убактысы (кетүү) бар экен. Биз Шанхай уюмунун мүчөсүбүз, ошол өнөктөштөрүбүз менен бирге, тең түрдө ошондой суроо гана койдук. Андан сырткары, үч «дөөнүн» (АКШ, Россия, Кытай) арасында бизге жеңил эмес.
Отунбаеванын пикиринде, АКШ менен Кыргызстандын мамилеси бир Манастагы Ганси базасы менен чектелбейт. АКШнын Кыргызстан эле эмес, Борбор Азия регионунда коопсуздукту камсыздоо, баңгизаттарын ташууга каршы күрөш, демократияны чыңдоого кошкон салымы эбегейсиз. Кыргызстан АКШ менен көп тармактуу багытта кызматташууну өнүктүрүүгө аракеттенип келген жана ал улана берет, деп белгиледи Роза Отунбаева.