Ирандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы экинчи айлампада чечилиши ыктымал деген жоромолдор байма-бай айтылып келген. Бирок эскичил исламчылардын өкүлү, мурдагы президент, 71 жаштагы диниятчы карыя Акбар Хашеми Рафсанжани биринчи айлампада жеңиши мүмкүн деген пикирлер да бар болчу. Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, чынында да Рафсанжани мырза өзү менен атаандашкан алты талапкерлерден озуп келди, бирок биринчи айлампада эле жеңип чыгуу тилеги акталбады.
Өлкөнүн саясий турмушун көзөмөлдөгөн диниятчылар дээрлик миңге жакын кишини президенттикке талапкердиктен чыгарып салган. Айрым диссиденттер жана студенттер бул шайлоого бойкот жарыялаган, бирок шайлоочулардын 55 пайыздан ашуун көпчүлүгү жума күнү добуш бергени маалымдалууда.
Эки ирет шайланган соң, кызмат мөөнөтү аяктап жаткан азыркы президент Мухаммад Хатами жума күнү элге кайрылып, бул жолку шайлоо өзү «исламдык демократия» деп атаган түзүлүш үчүн кызмат кылаарына үмүтүн мындайча билдирген:
- Менин үмүтүмдө, бардык аялдар менен эркектердин, өспүрүмдөр менен эрезеге жеткендердин шайлоого жандуу катышуусу аркылуу диний демократияга карай – ыңкылап аркылуу жетишкен бул демократияга карай - багытталган жолубуз алда канча байсалдуу жана жеңилирээк болмокчу. Иран улутунун шайлоодогу чечими бардыгыбыз тарабыбыздан урмат-сый, кадыр-барк менен кабыл алынат.
Иранда президенттик шайлоонун эки айлампада өтүп жатышынын өзү эле ар кыл жоромолдорду туудурду.
Стокголм университетинин социология профессору Мехрдад Дэрвиш мырзанын оюнча, Ирандагы өз ара күрөшкөн саясий канаттардын эч бири бирдиктүү талапкер чыгара алган жок, ошол себептүү жалпы добуш бөлүндүдө калды:
- Бул исламдык режимдеги президенттик шайлоонун алгачкы жолу өткөрүлгөн жаткан экинчи айлампасы - өлкөнүн башкаруу чөйрөсүндөгү ар кыл топторго жиктелүү дал ушул натыйжага кириптер кылганын айгинелейт: өлкөдөгү саясий канаттар бир гана чыгаан саясатчыны, кадыр-барктуу кишини колдоп, коомчулук добушуна ээ болууга жетише алган жок. Менимче, шайлоонун соңку натыйжасы кандай болооруна карабастан, биз бул исламдык режимдин ичиндеги чыңалуу бара-бара өсө берээрине күбө болот окшойбуз.
Иранда президенттик кызмат эң жогорку мамлекеттик кызмат эмес. Ирандын саясий турмушундагы олуттуу маселелер боюнча акыркы чечим президентке эмес, өлкөнүн рухий жолбашчысы айатолла Али Хаменейиге таандык.