Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Темир жолчулар ачкачылык акциясын токтото элек


БИШКЕК. 14-майда темир жол башкармачылыгынын 26-апрелден бери ачкачылык жарыялап олтурган жумушчулары өкмөт үйүнүн алдында ачкачылык акциясын улантышты. Алар президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин темир жол башкармалыгына байланыштуу маселени иликтөө үчүн комиссия түзүүгө чыгарган буйругуна макул эместигин билдиришти. Анткени комиссиянын курамындагы 9 адамдын 2өөсү гана алар ишенгендер, калган 7 адам башкармалыктын таламын жактоочулар экендигин белгилешти. Алар комиссия курамына коомдук жана бейөкмөт уюмдардын, көз карандысыз юристтердин өкүлдөрүнөн 10 адамды кошууну талап кылышууда.

Ушул эле күнү ачкачылык жарыялагандардын жанына темир жол башкармалыгынын жетекчиси Нариман Түлеевдин жактоочулары пикет уюштурушуп, ачкачылык акциясын негизсиз деп эсептешүүдө. Түлеевдин жактоочуларынын дээрлик көпчүлүгү жүк ташыгыч болуп иштешерин, атайын күбөлүктөрү жок экендигин билдиришти. Айрымдары темир жол башкармалыгына тиешеси жок, тек гана бир туугандарынын ордуна келгендиктерин айтышты.

XS
SM
MD
LG