Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

ИРАК ӨКМӨТҮ ЖАЛПЫ-ЖОНУНАН БЕКИТИЛДИ


Бүгүн (бейшембиде) Ирак парламенти жаңы өкмөттүн курамын жалпы-жонунан аныктады. Курамы толук түзүлө электигине карабастан, ал соңку жарым кылым ичинде алгачкы ирет демократиялык жол менен тандалган өкмөт катары эл аралык коомчулукта кеңири сөзгө алынууда. Өкмөт башчылыгына сунуш кылынган Ибрагим ал-Жаафари тарабынан жактыруу үчүн парламентке сунушталган бул өкмөттүк курам өлкөдөгү калктын басымдуу көпчүлүгүн түзгөн шийилерден тышкары, суннийлерди жана күрт топторунун өкүлдөрүн өзүнө камтыйт. Бирок Иракта өкмөттү аныктоо жараяны өтө эле создугуп кеткени да сынга алынып келди.

Ирак өкмөтүнүн курамы жалпы-жонунан жактырылган менен, анын 39 министрлигинин айрымдары азырынча убактылуу министрлер тарабынан гана башкарылууда.

Өзгөчө талаш-тартыш туудурган кызматтар – коргоо, мунайзат, адам укуктары, электр өндүрүү сыяктуу министрлик кызматтар.

Лондондогу Экономика мектебинин серепчиси Йахйа Сайиддин оюнча, бул министрликтер өкмөттө өзгөчө олуттуу саясий ролго ээ кызматтар болуп саналат:

- Мунайзат министрлиги менен Электр өндүрүү министрлиги, шексиз түрдө, чүйгүн майлуу министрликтерге жатат. Аларды башкаргандар май кармаган бармагын жалайт болуп, көзөмөлдөө жана төбөлдүк үстөмдүк кылуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушу мүмкүн... Бул сыяктуу кызматтарга мурдагы Саддам Хусейндин партиясынын – баасчылардын кайра келишин шийилер үстөмдүк кылган Бириккен Араб Алянсы эч каалабас эле.

Өкмөт башчылыгына сунуш кылынган ал-Жаафари өзү коргоо министринин милдетин аткарып турат. Бул кызматка сунний арабдардын өкүлү дайындалаары каралган. Ал эми ички иштер министрлиги - ички коопсуздукту камсыздоо үчүн өзгөчө олуттуу. Бул кызматка шийилердин өкүлү Байан Жаббар дайындалды.

Ал эми бейнеси талаш-тартыш туудуруп келген саясатчылардын бири - Ахмад Чалаби өкмөт башчынын төрт орун басарынын бири жана мунайзат министринин милдетин аткаруучу болуп калмакчы. Учурунда аны АКШнын Коргоо министрлиги колдоп келген.

Серепчи Йахйа Сайиддин оюнча, Чалабинин мындай саясий карьерасы үчүн таң калууга болбойт:

- Ал – премьер-министрдин экономика тармагы боюнча жооптуу орун басары. Чалаби мырзанын саясий тобунун өкүлү болсо каржы министри болуп калды. Эгерде Мунайзат министрлиги менен Борбордук банкта олуттуу өзгөрүүлөр болбой турган болсо, анда Чалабинин Ирак Улуттук Конгресси аттуу тобу өлкөдөгү экономикалык тармакты бекем көзөмөлдөп калышы күтүлөт.

Чалаби мырза согушка чейин бозгунчулуктагы ирактык каршылык көрсөтүү тобу болгон Ирак Улуттук Конгрессин жетектеген.

Азыркы өкмөт үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин гана иш алып барат. Күзүндө кабыл алына турган жаңы башмыйзамга ылайык, декабрда жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Андан соң жаңы парламент тарабынан туруктуу өкмөт түзүлөт.

Ал эми премьер-министрликке сунуш кылынган Ибрагим ал-Жаафари болсо шаршембиде журналисттер менен жолугушуусу маалында өкмөт курамын түзүү иши өтө эле создугуп кетти деген сын пикирлерге карата мындайча жообун узатты:

- Биз өкмөт түзүү жараянын кыйла убакытка создуктурдук, анткени биз өлкөнүн бардык көйгөйлөрүн чечүүгө жарамдуу болгон кубаттуу өкмөттү кургубуз келген. Биз катаал кырдаалда турганыбызды аңдаганбыз. Азыркы өкмөттү калыптандыруу – Ирактын саясий тарыхында алгачкы жолу учурап жаткан окуя.

Кызматтан кетип жаткан премьер Иййад Алави жакынкы күндөрү өз кызматын салтанаттуу түрдө ал-Жаафариге тапшырмакчы.

XS
SM
MD
LG