20-апрелде өкмөттүк эмес уюмдардын жалпы Улуттук форумунда сөз сүйлөгөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев коңшу мамлекеттер менен буга чейин чечилбей келаткан бир катар маселелер чечилип жаткандыгын билдирген. Албетте, бул үчүн президенттер Нурсултан Назарбаев, Ислам Каримов жана Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ал эми Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева чет өлкөлөргө болгон алгачкы сапарын Москвага жасады. Отунбаева өлкөнүн тышкы саясаты тууралуу мындай пикирин билдирген:
Тышкы саясат өзү консервативдүү болот. Ички саясатта чоң өзгөрүүлөр боло берет. Бирок тышкы саясат көп өзгөрбөйт. Бизде деле ушундай болуп жатат.
Кыргызстандын өтө маанилүү коңшуларынын бири Өзбекстан. Ташкент менен Бишкек акыркы жылдары көп маселелер боюнча орток пикир табышпай калган. Маселен, Өзбекстан өткөн жылдын апрель айынан бери Кыргызстанга газ бербейт. Эки өлкөнүн соодасынын көлөмү жыл сайын төмөндөөдө. Чек ара маселесинде жылыштар болгон менен, өтө татаал участоктордун тагдыры чечилбей турат. Ал эми суу-энергетика тармагында кызматташуу боюнча эки өлкө эки-үч жылдан бери келишимге жетишпей келатат.
Бул маселелер Ташкенттеги жолугушууларда талкууланмакчы. Муну Кыргызстандын Ташкенттеги элчисинин кеңешчиси Нурлан Алымбеков тастыктап, Отунбаеванын жолугушуулары тууралуу 21-апрелде Ташкенттен буларды билдирди:
Бүгүн тышкы иштер министри Ганиев, эртең премьер министр Шавкат Мирзиоев менен жолугушат. Негизинен газ, суу-энергетика, чек ара маселеси жана Кыргызстандагы саясий абал боюнча сүйлөшүүлөр болот.
Мурунку Жогорку Кеңештин эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов жаңы министрдин Ташкентке сапарын мындай баалады:
Эң туура. Жогору баа берем. Бул азыркы жагдайга жараша туура жасалган кадам. Мына бир эшалон гуманитардык жардам берүү менен Өзбекстан жетекчилиги буга чейинки саясатын түп тамырынан бери өзгөртүп, койнун ачып бергендей болду. Аны колдонбой койсок – бул туура эмес саясат болот эле.
Ал эми өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда татаал маселелер бар экенин белгиледи:
Отунбаеванын Ташкентке сапары абдан жакшы. Себеби Өзбекстан жетекчилиги менен сүйлөшүш керек. Эки өлкө ортосунда чек ара, транспорт, газ, суу жана башка экономикалык маселелер бар.
Анын айтымында, Ташкент менен эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде чечүүнү талап кылган маселелер бар жана алар боюнча Кыргызстан өз позициясын иштеп чыгып, ачык айтыш керек. Ал ушундай эле сүйлөшүүлөрдү Казакстан жана Тажикстан менен жүргүзүш керек деген оюн билдирди.
Иманалиевдин пикиринде, жаңы бийлик тышкы саясаттагы концепциясын жарыялап, ар кандай күмөндөнүүлөрдү жоготуш керек. Маселен, Кытай менен сүйлөшүүлөрдө Тайван, Синзян маселелери жана темир, автомобиль жолун куруу боюнча кыргыз тарап өз оюн ачык айтышы керек.
-Ыңкылаптан кийин Кыргызстандын Өзбекстан менен мамилесин оңдоп алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Ага Астана кандайдыр бир деңгээлде кызганыч менен да карагандай болуп турат. Бирок Ташкентте да, Астанада да кыргыз ыңкылабына чочуркоо бар. Анткени алар мындай окуянын өздөрүндө кайталанышынан кооптонууда,- . дейт Алишер Абдимомунов.