Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

К. Бакиев Борборазия өлкөлөрүнүн биримдигин түзүүгө макул


БИШКЕК. 16-апрелде президенттин милдеттерин убактылуу аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Умарзак Узбеков менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча пикир алышышты. Курманбек Бакиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге Кыргызстанда ыңкылаптан кийин түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасап, өлкө жетекчилигинин өтүнүчтөрүнө көңүл бөлгөндүгү үчүн ыраазылыгын билдирди. Ал Назарбаевдин Борборазия өлкөлөрүнүн биримдигин түзүү демилгесин колдоору жөнуңдө да билдирди.Курманбек Бакиевдин пикиринде, буга чейин кыргыз бийлиги Казакстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү пайдалана алган эмес. Анын айтымында, мындан ары кыргыз өкмөтү экономикалык тармакта кыргыз-казак кызматташуусун жакшыртуу багытында аракеттерди көрөт.

XS
SM
MD
LG