Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

«Хьюман Райтс Уотч» уюму Бакиевге кайрылды


БИШКЕК. 12-апрелде «Хьюман Райтс Уотч» уюму президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге кат жолдоду. Анда Кыргызстанда мурдагы бийлик кетирген кемчиликтерди кетирбөө чакырыгы айтылып, адам укуктарын сактаган өлкө куруу сунушталган.Келечектеги шайлоону ачык жана адилет өткөрүү, шайлоо комиссиялар катарына өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу, шайлоочулардын тизмесин сапаттуу түзүү,добуш сатып алууну айыптоо багытында кадамдарды жасоо айтылган. «Хьюмен Райтс Уотч» сот системасын, тартип коргоо органдарын реформалоону, Аксы окуясын терең иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну сунуштап, Феликс Куловду актоону кубаттаган. Акаевдин доорунда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу коомду бузуп, эл менен бийлик ортосунда ажырымды пайда кылды.Биз бул маселлер боюнча сиздин өкмөт менен сүйлөшүүгө даярбыз, деп белгиленген Бакиевге жазган «Хьюмен Райтс Уотчтун» төрагасынын милдетин аткаруучу Рейчел Денбердин катында.

XS
SM
MD
LG