29-мартта Орусиянын «Эхо Москвы» үналгысынан Аскар Акаевдин чыгып сүйлөп, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүүгө барышы мүмкүндүгү жөнүндө жарыялагандыгына байланыштуу өлкөдөгү бир катар бейөкмөт уюмдар билдирүү таратышты.
Анда 24-мартта Кыргызстанда болгон ыңклапта Аскар Акаев өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн гана коопсуздугун, кызыкчылыгын жогору коюп, мамлекетти, элди таштап качып кеткендиги, анын иш кабинетинен коррупциялык иштерге байланыштуу материалдардын табылгандыгы ага импичмент жарыялоого негиз берет деп айтылган. Буга байланыштуу «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова мындай дейт:
- Аскар Акаев президент катары берген антын бузуп, элин, жерин таштап качып кеткени – кылмыш. Азыр ошондой эле Акаевдин кабинетинен президенттик администрация парламенттик шайлоодо кайсы талапкерлерге акча жагынан жардам көрсөтүлгөндүгү боюнча материалдар табылып жатат. Мына ушулардын өзү эле Акаевге импичмент жарыялоого негиз берет. Аны менен сүйлөшүү жургүзүлбөшү керек.
Ал эми кайрылуу ээлеринин бири, «Эрайым» бейөкмөт уюмунун төрайымы Ракыя Жусупова төмөнкүдөй кошумчалады:
- Ал өзүн керт башынын амандыгын, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун, кызыкчылыгын мекенинин, элинин кызыкчылыгынан жогору коюп, жерди, элди таштап качып кетти. Бул - кечирилгис кылмыш. Анын Кыргызстанга келүүгө моралдык да укугу жок.
Кайрылуу жолдогон бейөкмөт уюмдар Аскар Акаевдин жасаган кылмыш иштери боюнча иликтөөлөр жүргүзүлмөйүнчө, анын кызматынан чегинүү жөнүндөгү арызын кабыл алуу маселеси коюлбашы керек деген пикирди да айтышууда. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов төмөнкүдөй ойду билдирди:
- Азыр президент тарабынан жасалган айрым мыйзамсыз иштер боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүшү керек. Анын отставкасы кабыл алынбашы керек. Акаев өлкөнү согуштук абалга калтырып, качып кетти. Ага экс-президент деген бийик даражалуу наамды берүүдөн мурда, анын жоопкерчилиги каралышы керек. Ошондуктан ал шашылыш түрдө кызматынан кетүү жөнүндөгү арызын жазып жиберген учурда да, мындай арызы кабыл алынбашы керек. Эл өзү иликтөөлөрдүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин, Акаевге экс-президент деген наам берилеби же берилбейби деген маселени чечиши керек.
Айрым саясий уюмдар болсо Аскар Акаевдин Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилөө менен, өлкөдөгү азыркы кырдаал курчуп кетпеши үчүн, анын турукташышы үчүн Акаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтышууда. Мындай пикирин өлкөнүн мурдагы чукул кырдаалдар жана экология министри, «Акыйкат» саясий кыймылынын төрагасы Темирбек Акматалиев да «Азаттык» радиосуна билдирди:
- Эми буга чейин Аскар Акаев парламенттин төрагасы менен сүйлөшүүгө барамын деп айтты. Азыр эгерде Аскар Акаев менен азыркы бийлик сүйлөшүүгө барбаса же Акаев сүйлөшүүдөн баш тартып койсо, анда Кыргызстандагы азыркы абал курчуп кетиши мүмкүн. Аны менен сүйлөшүүгө премьер-министрдин да, парламенттин да, Конституциялык, Жогорку соттордун да өкүлдөрү барууга тийиш. Бул өлкөнүн келечеги үчүн, кызыкчылыгы үчүн да керек .
Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын кайрылуусунда «Аскар Акаев эл алдында берген антты бузуп, өзүнүн жооптуу милдетин арнамыстуулук менен аткара алган жок», деп айтылган. Кайрылуу ээлери өлкөнүн Конституциясында каралган нормаларга ылайык Жогорку Кеңеш тарабынан атайын комиссия түзүп, Аскар Акаевге импичмент жарыялоо маселесин көтөрүү сунушташкан.
31-мартта Бишкекте өлкөнүн баш прокурорунун милдеттерин убактылуу аткарып жаткан Азимбек Бекназаров Аскар Акаевдин Кыргызстанга келүүгө моралдык укугу жок деп билдирди. Анын айтымында, эгерде Акаев коопсуздугуна кепилдик сурап кайрылса, мындай өтүнүчү аткарылат.