Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

12-мартта Кыргызстанда маал-маалы менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 13-14 март күндөрү жаан-чачындын тынымсыз жаашына байланыштуу республиканын Ош, Жалалабат, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош автожолдорунун 132-138- жана 198-251-чакырым аралыктарында ошондой эле, Нарын-Торугарт автожолдорунда көчкү жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +7...+12 градус.
ЧҮЙдө түнкүсүн 0...+5, күндүз +8...+13 градус жылуу.
Республиканын ОШ, ЖАЛАЛАБАТ, БАТКЕН чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +1...+6,
күндүз +12...+17 градус.
ЫСЫККӨЛ ойдуңу боюнча абанын температурасы түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8
градус.
НАРЫНДА түнкүсүн 0...-5 градус суук болот. Күндүз -1... +4 градус.
БИШКЕК шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы
түнкүсүн +2...+4, күндүз +10...+12 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG