БИШКЕК. 4-мартта Кыргызстанга Египет Араб респбуликасынын тышкы иштер министринин орун басары Иззат Саад келиши болжолдонууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бейшембиде кабарлады. Египеттин тышкы иштер министринин орун басарын Бишкекте Тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министри Амангелди Муралиев кабыл алмакчы. Эки тараптуу жолугушуулардын учурунда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сөз болот. Иззат Саад Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов менен да жолугушаары болжолдонууда.