Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Тоңдо эл толкуп атат


БИШКЕК. 22-февралда Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылына беш жүздөй адам нааразылык акциясына чыгышты. Алар №75 Тоң шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Арслан Малиевдин сот чечими менен өнөктүктөн четтетилишине каршылык билдиришти. Эл райондун акими Нурбек Алиевдин кызматтан кетишин, Арслан Малиевдин талапкерлиги калыбына келтирилишин талап кылышты. “Эгерде биздин талаптар орундалбаса 27-февралда добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратабыз”, деп билдиришүүдө нааразылык акциясынын катышуучулары. Бул тууралуу Бөкөнбаев айылынан «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын өкүлү Алмаз Аскарбек уулу маалымдады. Ал эми экинчи бир талапкер Аскарбек Алиевдин штабынан Самат Алиев телефон чалып, нааразылык акциясына чыккандар 250дөй киши болгонун маалымдады. 22-февралда Арслан Малиев Жогорку Кеңештин имаратынын алдында маалымат жыйынын өткөрүп, Тоң райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко арыз жолдогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG