Брюсселде өтүүчү 3 күндүк сапары маалында Виктор Ющенко Европарламентте сүйлөп, Украинанын Европа Биримдигине кошулуу багытындагы атайын программасын жарыялайт. Киевден жөнөп кетээр алдында украин президенти журналисттерге өз өлкөсүнүн Евробиримдикке кабыл алуу жөнүндөгү арызы жана башка документтери жакынкы жарым жыл ичинде толтурулуп бүтүп, Брюсселге тапшырылат деп маалымдады. Ющенконун айтымында, Киевдик жетекчилер Еврошаркет ал документтерди 2007-жылдан кечиктирбей карап башташын каалайт. Анын алдында Евробиримдик украин экономикасына атайын рыноктук макам ыйгарып, Украина европалык жарандарга виза берүү тартибин жеңилдетип, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулушу керек.
Брюсселдик билермандар Еврошаркет Украинанын бул дымактуу пландарын арыдан-бери жактырууга даяр эмес, азырынча соода алакаларын жакшыртып, виза режимин бир аз жумшартуу менен чектелет деген пикирин айтышууда. Ошол эле учурда Европалык экономикалык иликтөө борборунун өкүлү Стюарт Хенсел маселен, Германия менен Франция Украинага кандай болбосун убада берүүгө каршы чыгат деп эсептейт. Евробиримдиктин жаңы мүчөлөрү – Польша менен Литва ар тараптуу колдоп жаткан Киевдин демилгелери, Хенсел мырзанын айтымында, алыскы болочокто ишке ашчу аракет, а бирок бул жагдай украин президентинин сапарынын маанисин төмөндөтпөйт.
- Менимче, Ющенко өтө чоң нерселерден үмүт этпей эле койгону оң. Евробиримдиктин мүчөлөрү арасында Киевге карата ар кыл көз караш, пикир келишпестиктер арбын, андыктан ал өзү каалаган убадалардын баарын угуп кубанычка бөлөнөт деп айтуудан алысмын. Анын бу жолку сапары маалында Брюссель - Киевден кандай иштерди аткарышын кааларын тактап, Ющенко болсо Евробиримдиктен кандай аракеттер күтөөрүн ачык айтып алса да аз эмес.
Брюсселдик эксперт андан ары Евробиримдиктин эшиги Украина үчүн эски континенттеги башка бардык өлкөлөрдөй эле ачык, ал эшикке жакындаш үчүн Киев бардык багыттагы реформаларын ыкчамдатышы абзел деп белгилейт.
Киевдеги тышкы иштер саясаты боюнча көз карандысыз борбордун директору Олександр Сушко украин калкы Евробиримдикке кошулуу маселесин жашоо-турмуштун жакшырышы деп түшүнгөндүктөн элдин жарымынан көбү бул маселени колдоорун айтат. НАТОго кошулуу маселесинде болсо жагдай таптакыр башка.
- НАТОго кирүү маселеси биздин коом үчүн өтө сезимтал маселе. Ага каршы чыкчулардын саны – жактагандардан алда канча арбын, -
дейт Киевдик изилдөө борборунун жетекчиси Сушко.
Ал "кансыз согуш" маалында калыптанган НАТО менен касчыл мамиле украин элинин аң-сезиминен дагы эле кете элек деп эсептейт. Ушул жагдайды украин президенти да эске алса керек, айтор азырынча Украинанын НАТОго кошулуу маселесин көтөрүү өтө эртелик кылат деп эскертти.