Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

ДОБУШ БЕРҮҮ БАРАКЧАЛАРЫ ӨЗГӨЧӨ ТАРТИПТЕ БАСЫЛАТ


Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендер өзгөчө тартипте басылат. Ал баракчаларды басмаканадан чыгаруу иштери Борбордук шайлоо комиссиясынын, ички иштер жана коопсуздук кызматтарынын көзөмөлүндө ишке ашат. Бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын 9-февралда өткөн көчмө отурумунда талкууланды.

Парламенттик шайлоого бюллетендерди «Учкун» мамлекеттик акционердик коому басып чыгарат. Мындай укукка ишкана БШК жарыялаган тендердин тыянагына ылайык ээ болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги отурумун басмакананын имаратында өткөрүп, маселени талкуулаардын алдында бюллетень чыгарууга ыңгайлаштырылган офсеттик цехтин шарты менен таанышып чыкты.

Ишкананын төрагасынын милдетин аткаруучу Александр Мельничуктун берген маалыматына караганда, бюллетендер БШК менен макулдашууга ылайык 5 күн ичинде атайын кызматтардын көзөмөлүндө чыгарылып, таңгакталып бүтөт. Аны басуу үчүн БШК Орусиядан көзгө көрүнбөгөн белгилер түшүрүлүп, атайын даярдалган 38 таңгак кагаз алдырткан.

- Бул кагазды бурмалап жасоо мүмкүн эмес. Анын үстүнө БШКнын уруксатысыз бир дагы ашык бюллетень басылбайт. Бул жагынан да бюллетень анын жасалма үлгүсүн чыгаруудан корголгон, - деди Мельничук.

Борборшайлоокомдун маалыматына караганда, басмакана 2 миллион 600 миңден ашыгыраак бюллетень чыгарышы керек. БШКнын аппарат башчысы Кубанычбек Исмаиловдун айтымында, бюллетендер басылып жатканда цехте өзгөчө тартип орнойт:

- Мыйзамдын шарты боюнча бюллетень даярдала баштагандан бүткөнгө чейин күнү-түнү иштеши керек. Бюллетендер басылып жаткан цехте башка заказдар иштелбеши керек. Бюллетенге тийиштүү эмес башка материалдар болбошу керек. Ал цехти ички иштер кызматкерлери, улуттук коопсуздук кызматкерлери күзөткө алышат. Мындан тышкары күнү-түнү БШК мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери кайтарышат.

Борборшайлооком төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, бюллетень жабык жана өзгөчө эрежеге ылайык даярдалат. Ошондуктан, Борборшайлоокомдун бардык эле мүчөлөрүнө эшик ачык болбойт. Бюллетендерди даярдоону көзөмөлдөө милдети толугу менен БШКнын көзөмөл-текшерүү тобуна жүктөлөт. Ал эми ЕККУ менен КМШ даярдаган байкоочу топтун гана өкүлдөрүнө байкоо жүргүзүү укугу берилет.

Сулайман Иманбаев көчмө отурумда бюллетенди басууну 12-февралда баштоо талапкерлердин так санын алууга ыңгайлуу учур деп санады:

- 12-февраль - өз талапкерлигин алып салууга уруксат берилген акыркы күн. Ошондо шайлоого 15 күн калат экен. Талапкерлерди шайлоодон четтетүү боюнча округдук, борбордук шайлоо комиссияларынын же соттун чечимдери пайда болбосо, ушул күндөн тарта тизмеде шайлоого даана бара тургандар гана калышат.

Парламенттик шайлоого байкоочу катары катышып жаткан «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов бюллетенди тараптар көз боеосуз даярдап жатканына ишеним болбосо шайлоо өткөрүү кыйын болот дейт:

- Башка деле басмадан, мисалы, Казакстандан деле басып койсо болот. Ошондуктан, эң негизги маселе шайлоо күнү округдук жана участкалык деңгээлде катуу көзөмөл жасоо керек.

Эдил Байсаловдун айтымында, бюллетенди басып чыгаруу жараянында мыйзам бузуулар болбогондугуна ынануу үчүн саясий партиялар жана талапкерлер байкоочу болуу демилгеси менен чыгышы керек эле. Бирок, тараптардан мындай демилге бул жолку парламенттик шайлоодо чыккан жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG