Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:34

Пакистанда 11 күч кызматкери кол салуудан мерт болду


Пакистан. Архив сүрөт.
Пакистан. Архив сүрөт.

Пакистанда күч кызматкерлерине каршы жасалган чабуулдан кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылды, дагы он киши жараат алды. Бул тууралуу "Машаал" радиосу 20-ноябрда кабарлады.

Кол салуу 19-ноябрдын кечинде өлкөнүн эң кооптуу жана тынчсыз аймагы болуп эсептелген Хайбер-Пахтунхва провинциясынын түндүк-батышындагы Банну шаарында болгону, коопсуздук кызматкерлери бараткан автомашина бутага алынганы, жарылуу жана атышуу болгону кабарланды.

Жергиликтүү тургундар "Машаал" радиосунун кабарчыларына айтып беришкендей, атышуу жарым түнгө чейин уланды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө пакистандык талибдердин Хафиз Бахадур тобу алды жана өлтүрүлгөн күч кызматкерлеринин саны 11 эмес, 23 экенин билдирди. Бул маалыматты көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүнчүлүгү жок.

Окуя Пакистан бийлиги жана аскердик жетекчилиги Исламабадда жыйын куруп, согушкер топтордун зомбулугу күчөгөн абалды талкуулап жаткан учурда болду. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG