БИШКЕК. Ички иштер кызматынын ардагерлери Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна кайрылуу жолдошту. Анда Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматындагыларды пенсия менен камсыздоо” мыйзамына кыргыз өкмөтүнүн 1995-жылы январь айындагы №12 токтому каршы келээри, аталган токтомду жокко чыгаруу талабы жазылган. Аталган кайрылууда, аскер кызматындагыларга пенсия менен камсыздоо мыйзамынын 65- беренесине ылайык, турмуш - тиричилик барган сайын кымбаттап баратканы менен пенсияга кошумча каражат кошулбаганы айтылат.