«Асаба», «Эркиндик», «Кайран эл», «Республика», КДК, «Эрк» партиялары президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү максатында кол топтоого экинчи ирет киришип отурат. «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа кыймылына» бириккен бул партиялар биринчи жолу мындай өнөктүктү Аксы окуясынан кийин башташып, бирок, референдумдан кийин токтотуп коюшкан. Ал эми Аксы окуясынын алдында парламенттеги оппозициячыл депутаттар кыргыз-кытай чегарасын делимитациялоого байланыштуу Аскар Акаевге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышкан.
Быйылкы кол топтоого парламенттик шайлоого даярдыктардын жүрүшүндөгү элчилерди шайлоодон четтетүү өңдүү одоно мыйзам бузуулар себеп болду дейт «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев:
- Алты партиянын бирикмеси, эгерде, элчилер менен шайлоодо дипломаттарга уруксат берилбесе жана шайлоо адилеттүү өтпөсө биз 2-февралдан баштап кол топтоону улантабыз деп чечкенбиз. Бүгүнтөн баштап кол топтоону улантабыз.
Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, мындай мыйзам бузуулар президенттин бийлигин бекемдөө кызыкчылыгы үчүн атайын жасалып жатат. Ушуга байланыштуу оппозициянын бул демилгесин эл колдойт дейт саясатчы.
Президент Аскар Акаев «Независимая газетага» берген интервьюсунда ал жүргүзүп жаткан саясатты калктын 65% жактаарын баса белгилеп, Украинадагыдай «Акаев кетсин!» деген чакырыктарды угууга мүмкүн эместигин билдирип отурат.
Радикалдык оппозиция өкүлдөрүнүн катарында саналган саясатчы Топчубек Тургуналиев жаңы башталган кол топтоо он эки жылдан бери коюлуп келаткан талаптын уландысы дейт:
- Акаевди "кет" деп биринчи жолу 1993-жылдын 17-октябрында оппозициялык уюмдардын, саясий партиялардын жетекчилери Акаевге киргенде мен биринчи жолу айткам. Анан куугунтук башталды.
Кыргызстан патриоттук кыймылы деп аталган коомдук уюм да соңку эки ай ичинде ушундай эле максат менен 20 миң кол топтогонун жарыя кылган.
Жогоруда айтылган 6 саясий партия тутумуна кирген Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңеши азырынча бул демилгеге көз карашын билдире элек. Кыймылдын төрага орун басары Ишенгүл Болжурованын айтымында, учурда талапкерлерди сүрөп, парламентке өткөрүп алуу кыймылдын башкы максаты болууда:
- Биз Топчубек Тургуналиев айтып атканга кол койгон эмеспиз. Бул маселени биз караган эмеспиз. Азыр алдыбызга койгон эң эле чоң максатыбыз – талапкерлерибизди парламентке өткөрүү да. Ошондуктан, элдик кыймылга кирген партиялар партиялык блок түзгөн. Талапкерлерди ошол блок колдойт, -
Кыргызстан элдик кыймылына өнөктөш «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаеванын айтымында, кыймыл азыркы бийлик кызматтан кетиш керек деген көз карашты жактайт, ошондуктан, быйылкы шайлоо өнөктүктөрүнүн мыйзамдуу өтүшү үчүн күрөшүү керек:
- Биз азыркы режимге, жүргүзүлуп жаткан саясатка каршы чыгып атабыз. Конституциянын негизинде мөөнөтү боюнча бул режим кетиш керек. Биз ошону ойлоп атабыз,-
Роза Отунбаеванын айтымында, учурда «Атажурт» парламенттик шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыздоо үчүн шайлоочулар менен тыгыз иштешип атат.
Анткен менен, президентти дагы бир мөөнөткө калтыруу боюнча «Элим менен, элим үчүн» фонду акыркы алты айдан бери тынымсыз камылга көрүп келатат. Фонддун төрагасы Аманбай Сатыбаевдин айтымында, азыр чогултулган колдун эсеби 100 миңден ашты:
- Чынын айтканда, бул нерсени биринчи оппозиция баштаган, президентти кетсин деп. Албетте, 100гө же 10го жетпеген адамдардын эле демилгеси менен болуп аткан иш. Бирок, мына биздин 100 миңден ашык кол топтоп, элдин жыргалчылыгы үчүн жасалып аткандан кийин биздин ишти мен чыныгы элдик иш деп ойлойм.
Ал эми «Жаңы багыт» кыймылынын жетекчилеринин бири, мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев Аскар Акаев коомдук кысымсыз эле кызматын Конституциянын чегинде өткөрүп берет деген ишенимде.