Ильхам Алиев үч күндүк иш сапары учурунда Тегеранда иран президенти Мохаммед Хатами, өлкөнүн диний лидери Аятолла Али Хаменейи менен кездешмекчи. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки тараптуу бир нече келишимдерге кабыл алынары белгиленген. Азербайжан президенти Иран бийликтери менен Каспий деңизинин статусун аныктоо менен байланышкан маселелерди да талкуулайт. Бул - Ильхам Алиевдин президент болгондон бери Ирандагы алгачкы визити.