Адатта, 1- сентябрь – окуу жылдын биринчи күнү, мектеп окуучуларына эң кубанычтуу күн катары бааланса, ал эми бесландык окуучуларга бул каргашалуу күн өмүр бою эстен чыккыс кара так салды. Беслан алааматы – ошол каргашалуу күндү өз баштарынан өткөргөн адамдардын көз алдында турат. Беслан алааматында террорчулардын колунда барымтада калып, андан аман чыккан жердешибиз Малик Калчакеевге бул күн эң оор күн катары жүрөгүнө өчкүс азаптуу эскерүүлөрдү калтырды. Азыркы күндө Улуу Британияда дарыланууда жүргөн Маликтин ден-соолугу барган сайын калыбына келип, өзүн жакшы сезип калса кайра Бесланга кайтып келет. Улуу Британияга ал бесландык он беш баланын катарында ханзаада Елизаветанын чакыруусу менен дарыланууга барган. Жакында эле Маликтин атасы Марат Калчакеев кенже кызы Фатима менен Кыргызстанга тууган-туушкандары менен амандашканы келди. Марат Калчакеевдин жердиги Ысыккөлдөн, алар жубайы Флюра экөө Кыргызстандын жарандары. 1999- жылы жумуш артынан тагдырдын жазмышы менен Бесланга келип, Түндүк Осетияны байырлап туруп калышкан. Ал эми 1- сентябрдагы Беслан кайгылуу күндөрүнүн барагын Марат Калчакеев мындай эскерди:
- Биз, 31 – августта Бесланга Ысыккөлдөн келдик. 1 – сентябрда Малик классташтары менен мектепке эрте кеткен эле. Алар мектепке барса линейка башталып калыптыр, ошол саам куралчан террористтер мектепти курчап алган экен. Биз кызым экөөбүз мектепке жете келсек, аерди куралчандар барымтага кармап алыптыр. Автоматтардын атылган үндөрүн байма-бай угуп турдук. Бир аял «Мектепти куралчандар басып алыптыр!» деп кыйкырды. Биз, ата-энелер балдарыбыздын кайгысын тартып 3 күн бою ошерде жүрдүк. Кудайдан тилегенибиз эле балдарыбыз аман чыкса экен деген ой. 3- сентябрда мектепти штурмалоо башталды. Ошо тушта мектепте каттуу жарылуу болду. Жада калса жер титиреп, айнектер бырын-чырын чыкты. Андан балдар чуркап ата-энелер тарабына бет алды.
Ал эми Маликтин абалы кандай эле деген сурообузга ал:
- Маликтин акыбалы оор эле, денеси күйүп калган. Тизеси ириңдеп кеткен. Мектептен чыкканда эле доктурлар карашып , ооруканга алып кетишкен. Мектептен чыкканда эле биринчи айткан сөзү: «Ата , Кыргызстанга кеттик, үйүбүзгө эл баралычы!» болду. Аны абдан жүрөгү түшүп калыптыр.
Маликтин жүрөгү түшүп, ар нерседен чоочуп, уктай албай жүргөнүн айтты Марат Калчакеев. Ушу тапта Калчакеевдердин үйбүлөөсү Кыргызстанга кайра келүү оюнда. Бирок, алардын жашай турган үй-жайы жок. Ал тууралуу Марат Калчакеев:
- Менин туугандарымдын баары Караколдо турат. Биз көчүп келейли десек үй маселеси турат.
Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева Малик Калчакеевдин үй-бүлөөсүнө колдоо көрсөтөрүн билдирди:
- Бесландагы окуядан аман калган уулубуз Маликке, анын үй-бүлөөсүнө биз «Мээрим» кору менен биргеликте Караколдон бир үй алып берели деп сүйлөшкөнбүз. Албетте, үй маселесине колдоо көрсөтөбүз. Убада бергенбиз, аны аткарабыз. Алардан квартира же жер там алып берелиби дегенде Караколдон эле жер там болсо деп айтышкан.
дейт Токон Шайлиева.