Социал-демократтар партиясынын бул курултайы эки жагдай менен айырмаланды. Биринчиси, партиянын президенттикке өз талапкерлигин коюу ниети бар төрагасы Алмаз Атамбаев депутаттык үчүн күрөшкө чыкпастыгын билдирди. Экинчиси, Кыргызстан элдик конгрессинин тутумунда турган «Эл (бей-бечаралар) партиясы менен Социал-демократтарпартиясы бириккендиги маалымдалды.
Курултайда төрага акыркы төрт жыл ичинде болуп өткөн окуяларга таянуу менен коомдук-саясий кырдаалга баа берди жана партия таза демократиялык коом түзүү үчүн күрөшөрүн билдирди. Бирок, курултайда партиянын социалдык-экономикалык платформасы тууралуу сөз болгон жок. Анын себебин сөзүнүн акырында Алмаз Атамбаев минтип түшүндүрдү:
- Президенттик шайлоонун алдында биз партиянын курултайын өткөрөбүз. Президенттикке өз талапкердигибизди көрсөтөбүз деп ойлойм. Албетте, анда биз талапкердин жана партиянын экономикалык платформасын бекитебиз. Ошон үчүн мен экономикага токтолгон жокмун. Көбүнчө кызуу кандуу сүйлөдүм окшойт.
Атамбаев негизинен бийликтин азыркы саясатын сынга алып, таза демократиялык коомду түзүү үчүн расмий бийликтин азыркы өкүлдөрү бийликти мыйзамдуу өткөрүп бериши зарыл деп эсептеди. Анын айтымында, президент бийликтен кетерин убада кылган менен, айланасындагылар анын кетерине ишенишпейт. Келерки парламентке мыйзам кол тийбестикти берген үчүн мамлекеттик кызматкерлердин дээрлик басымдуу бөлүгү парламентке умтулуп жатат жана бул ыплас аракеттер менен коштолууда, дейт Атамбаев:
- Негизгиси бийлик туталанып атат. Биринин артынан бири болуп атат. Бирде Демократиялык коопсуздук кеңеши, бирде коргоо кеңеши. Ал жерлерде бирде Акаев, бирде Танаев бизде радикалдык чыгуулар, хизбуттахрирчилердин чыгуулары болушу ыктымал деген өңдүү билдирүүлөрдү жасап атышат. Менимче мунун бардыгы кандайдыр бир жол менен чагым уюштуруу үчүн жасалууда.
Анткен менен президент Аскар Акаев парламенттик шайлоого байланыштуу элге кайрылуусунда шайлоонун толук мыйзамдуу өтүшү үчүн президент катары бардык күч-аракетин жумшаарын убада кылган. Ал эми 10-декабрда өткөн Бишкек конференциясында саясий күрөштө улуттук кызыкчылыктарды коргоо башкы милдет экенин белгилеп:
- Бул норманы аттап өтүп, коомду бөлүп, жарандык конфронтацияга алып келгендер элдин ишенимин актабайт. Тилекке каршы, бизде дагы беш теңге үчүн чет өлкөлүк чоор алдында бийлөөгө жөндөмдүүлөр табылат.
Ошондой эле Акаев азыркы расмий бийлик авторитаризмден демократияны көздөй түп тамырынан бурулуш жасаганын сындаган тарап эстен чыгарбаш керек экенин белгилеген.
Социал-демократтар партиясынын лидери болсо акыйкаттык бийликтин эмес, элдин колунда жана ага шайлоо алдында рухий колдоо көрсөтүү үчүн көз карашы жакын күчтөр биригиши керек дейт. Анын айтымында, ушул максатта тутумуна Социал-демократтар партиясы кирген Элдик Конгресс бир катар кыймылдар менен биригүүгө даяр:
- Кудай буюрса, парламенттик, президенттик шайлоодо да чогуу иштешебиз деп ойлоп турам. Биз меморандум даярдап атабыз. «Ата журт», КЭК, «Жаңы Багыт», анан «Элдик конгресс» - баарыбыз меморандумга кол коюп чогуу чыгабыз го деп ойлоп турам, кудай буюрса.
Курултайда ошондой эле саясатчылардын саясий туруксуздугу «Социал-демократтар партиясынын» мүчөлөрүнүн мисалында сынга алынды:
- Биздин партиянын мурдагы лидерлерин алалы, мен аттарын атабай эле коеюн, маселен, алардын бири төрт жыл ичинде бизден кийин «Адилетке», анан «Менин өлкөмө» өттү, эми «Алга, Кыргызстанда»… Дагы бир министр. Ал бизден бийликти, президентти сындайсыңар деп кетип калды эле. Азыр ал эң эле оппозциячыл командада президентти сындап жүрөт.
Алмаз Атамбаевдин бул пикири Кыргызстан Элдик кыймылынын төрагасы Курманбек Бакиев менен көз караштары жакын экендигин кыйытты. Маселен, буга чейин журналисттерге берген интервьюларынын биринде Бакиев мындай деген эле:
- Мындан трагедия кылбашыбыз керек. Бирок, менин жеке көз карашымда мага мындай позиция жакпайт. Менимче, саясат улам күчөп бараткан үчүн кээ бир саясатчылар аягына-быягына, оң жак, сол жак, ортодо болоюнбу деп, өз ордун мындай так аныктап, таппаган үчүн да ушундай көз караш болуп атса керек деп ойлойм.
Бирок, президенттикке талапкер болуу дымагы бар бул эки саясатчы тең саясий күчтөр келечекте сөзсүз биригерин белгилеп жүрүшөт. Ушундай эле көз карашты быйыл беш партиянын башын бириктирген «Алга, Кыргызстан» партиясы да белгилеген. Ал эми «Социал-демократтар» партиясына мындан бир ай мурда «Эл» партиясы кошулган.