«Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык бир мандаттуу шайлоо округдарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү» токтомун Парламент былтыр 30-июнда кабыл алган жана бул токтом парламенттик шайлоо жарыялангандан кийин күчүнө кирмек. Бирок, буга чейин бир катар талапкерлер жана бейөкмөт уюмдар бул токтомдун калпыстыктары көп деген доомат менен Борбордук Шайлоо комиссиясына кайрылган.
Көптөгөн кайрылууларга ылайык БШК акыркы отурумунда округдардын схемасын кайрадан карап чыкты. Токтомдо БШКга округдардын чегин жана шайлоочулардын санын 5 % ке чейин өзгөртүү укугу берилген. Бирок, комиссиянын мүчөсү Асылбек Сариев округдарды кайра кароо мыйзамга кайчы келет деп, маселени күн тартибинен алып салуу демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, БШКнын бул кадамы Парламенттин токтомуна да, «Шайлоо кодексине» да каршы келет:
- Биз мыйзамга кол коюлгандан кийин эле дароо округдарды карап, анклавдар же аралчалар болуп калса, аларды өзгөртүп, тизмесин мыйзамга ылайык 30 күн аралыгында жарыялашыбыз керек болчу.
Бирок, ошол эле мыйзамдарга таянган юрист Бектур Зулпиевдин айтымында, токтомдогу катачылыктарды оңдоо БШКнын тикелей милдети:
- Сиздер баарыңыздар билесиздер, Шайлооо кодексинин 7 пунктунда айтылат: 19 берененин 2-пункту бузулган шартта БШК шайлоо округдарынын схемасына өзгөртүү киргизе алат. Мындай шартта аны аткарууга БШК акылуу эле эмес, милдеттүү.
Ушундай талаш-тартыштан кийин талкууга коюлган бул маселе боюнча бардык облустук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү округдар боюнча өз сунуштарын беришти. Талкуунун тыянагы менен Ысыккөл облусунун Балыкчы, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Аламүдүн шайлоо округдарына, Ош жана Жалабад облустарынын, Бишкек шаарынын бир катар окургдарына аймагына жана шайлоочулардын санына байланыштуу өзгөрүүлөр киргизилди. Бирок, БШК төрагасы Сулайман Иманбаев буларды чоң өзгөрүү катары санаган жок:
- Баткен облусунан башкалары мыйзам чыгаруу жыйыны кандай бекитсе, дээрлик ошондой эле калды, бир аз эле өзгөрүүлөр болду. Баткенде болсо чектер бузулуп, аттап кеткен. Алты окургдун төрт окургунда ушундай шарттар бар экен. Аны өзгөртүүгө туура келди.
Буга чейин коомчулуктун бир катар өкүлдөрү парламент окургдарды өздөрүнө ыңгайлуу кылып бөлүштүрдү деп сынга алышкан. Ушул сын-пикирлерге таянган комиссия мүчөлөрү Парламенттин токтомдогу схемасын да, Баткен облустук шайлоо комиссиясы түзгөн жаңы долбоорду да кайрадан талдап чыкты. Натыйжада, Айдаркен, Кадамжай, Кызылкыя округдарынын схемасында бир канча орун которуштуруулар, алымча-кошумчалар киргизилди.
Парламенттин токтомуна ылайык Борбор шайлооком округдардын схемасына 5% чейин өзгөртүү укугу берилген. Сулайман Иманбаев бул өңүттө эреже сакталды дейт:
- Облустун ичинде шайлоочулардын саны 5%тен көп өзгөргөн жок, ар бир округ боюнча. Бирок, оош-кыйыш 5%тен көп болушу ыктымал. Бирок, жалпы шайлоочулардын саны беш 5%тен көп өзгөрбөйт.
Борбор шайлооком бир мандаттуу шайлоо округдарынын өзгөртүлгөн тизмесинин акыркы үлгүсүн ушул аптанын ортосунда маалымат каражаттарына жарыяламай болду. Тизмеде Талас облусундагы округдар гана мурдагы калыбында сакталып калды.