-Референдумга Румынияда,Словакияда, Сербияда жана Украинада жашаган эки жарым миллиондой мажарларга кош атуулдук берүү маселеси сунушталган. Оппозиция тарап Биринчи дүйнөлүк согуштун акырында Австрия Венгер империясы кыйраган соң аталган өлкөлөрдө жашап калган этникалык мажарларга кош атуулдук берүү менен моралдык колдоо көрсөтүү зарыл деп эсептейт. Ал эми оңчул саясатчылар бул нерсе жапырт миграцияга алып келүү менен Мажарстандын бюджетине катуу сокку ураарын белгилешүүдө. Мындан тышкары референдумга мамлекеттик ооруканаларды менчиктештирүүгө тыюу салуу маселеси да киргизилген