Казакстандын улуттук партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Амиржан Косановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, өлкөдөгү түрдүү опппозициялык кыймылдар учурда 2006-жылы боло турган президенттик шайлоого бир талапкер чыгаруу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө:
- Казак оппозициясынын каржылык жактан көз карандысыздыгы бийликке коркунуч туудурууда. Азыр оппозиция алдыдагы президенттик шайлоодо бир гана талапкерди чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Оппозициянын биригиши казак бийликтерин туңгуюкка кептейт. Не дегенде ырасмий бийлик азыр эл арасында кадыр-баркы жоктугун, адилет жана калыс шайлоо алар үчүн өтө опурталдуу экенин жакшы түшүнөт.
Маскөөдөгү “Время новостей” басылмасынын талдоочусу Аркадий Дубновдун айтымында акыркы жылдарда өзүн чыңап, бутуна туруп алган Казакстандын экономикалык элитасы эми саясий күрөшкө чыгууну көздөшүүдө. Азыр оппозициялык кыймылдардын лидерлеринин көпчүлүгүнүн капчыгы калың. Алар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү оппозиялык кыймылдардан айырмаланып, чет өлкөлөрдүн каржылык колдоосуна муктаж эмес:
- Казакстандын оппозициясы биринчи кезекте “Акжол” партиясы сыяктуу “жаш бөрүлөрдөн” куралган. Алардын көпчүлүгү азыркы бийликтен чыккандар же президент Назарбаевдин канатынын астында өсүп жетилгендер. Алар экономикада өз үлүшүн алган соң, эми бийликке келүү максатында мыйзамдуу саясий күрөшкө чыгууну каалашууда.
Байкоочулардын айтымында аз күн мурда парламенттин мурдагы спикери Жармахан Туякбайдын Демократиялык күчтөрдүн коалициясына кошулушу менен казак оппозициясы дагы бир кубаттуу саясатчы менен толукталды.
Деген менен ал бийликтин бийик сересинен түшүп, оппозицияга кошулган биринчи адам эмес. 1994-97- жылдары өлкөнүн премьер-министри болуп турган Акежан Кажегелдин жакында Казакстандагы оппозициялык кыймылдарга ачык кат менен кайрылып, 2006-жылдагы президенттик шайлоодо бийликти алуу үчүн биригүү тууралуу чакырык таштады.
Амиржан Коссановдун айтымында Казакстандын элинин көпчүлүгү учурда оппозицияны президент Назарбаевге мыйзамдуу альтернатива катары көрүшөт. Бул нерсени да Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу артыкчылык катары баалоого болот. Казак оппозициясынын күчтүүлүгү негизинен мурда бийликтин бийик тепкичтеринде иштеген адамдардан куралганында. Бирок алардын алдында азыр бийликтин бардык бутагын мыкчып турган Назарбаев менен күрөшүү турат.
Ал эми Маскөөлүк талдоочу Аркадий Дубновдун белгилешине караганда Назарбаев учурда оппозиция күчтөнүп жатканына бир аз тынчы кетип турат. "Ал азыр Орусия президенти Путин ЮКОС мунай компаниясын кысмакка алгандай эле өз каршылаштарын саясий күрөшкө киргизбөө үчүн экономикалык кысым жасоо аракетинде",-дейт Аркадий Дубнов.