Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:12

Орусия теги тажикстандык жаранын "чыккынчылык" үчүн 13,5 жылга соттоду


Москва шаардык соту.
Москва шаардык соту.

Орусияда теги тажикстандык жаран "мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыпталып, 13,5 жылга эркинен ажыратылды. IT адис Фируз Дадобовдин өкүмү Москва шаардык сотунда бүгүн 29-октябрда жарыяланганын Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиктери кабарлашты.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) маалыматына караганда, 47 жаштагы Дадобоев Орусиянын да, Тажикстандын да жараны. Аны күч кызматкерлери Москвада 2022-жылы октябрь айында кармап, камакка алышкан.

Орус бийлиги ал АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгына купуя маалыматтарды өткөрүп берүүгө аракет кылганын, анысын мойнуна алганын билдирүүдө.

Москвадагы коммерциялык фирмалардын биринде иштеген Дадобоев 13,5 жылга катуу тартиптеги түрмөгө соттолгондон тышкары 300 000 рубль (3 080 доллар) айыппул төлөөгө да милдеттендирилди.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан кийин согушту айыптаган жарандарына "армияны жаманатты кылуу", "мамлекетке чыккынчылык" деген айып тагып, соттоодо. Былтыр өлкө президенти Владимир Путин чыккынчылык үчүн кармалгандарды өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу тууралуу мыйзамга кол койгон.

Тажик тектүү жарандарга Орусияда быйыл жазындагы "Крокус Ситидеги" окуядан кийин да басым-кысым күчөгөн. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG