Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

УКРАИНА - ЧЕЧЕНСТАН ЭМЕС


Муса Мураталиев, Москва 28-ноябрда Москвада Украин элчилигинин астында орусиялык демократтар жана коммунисттер митингге чыгышты. Ал жерге чогулган «Яблоко», Оңчул күчтөр союзу жана башка демократиялык партиялардан 200дөй киши Украин президентине талапкер Виктор Ющенкого колдоо көргөзүштү. Ал эми 50гө чукул коммунисттер болсо тескерисинче анын атаандашы, премьер-министр Виктор Януковичке колдоо көргөзүштү.

Украинанын Түндүкдонецк шаарында бул күнү 3000ден ашык жергиликтүү жана эл депутаттарынын катышуусу астында жыйын өттү. Ага Москвадан атайын барган мэр Юрий Лужков жана Орусиянын Украинадагы элчиси Виктор Черномырдин катышты.

Москванын борборундагы Спиридоновский көчөсүндө Украинанын элчилиги жайгашкан. Ал жерге демократтар жана коммунисттер пикет өткөрүштү.

Ал жерде болуп, сөз сүйлөгөн “Яблоко” партиясынын лидери Григорий Явлинский кийинчерээк
“Азаттыктын” кабарчынына мындай деди:

-Орусия менен КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик көпчүлүгүндө бийликте турушкан криминалдык, авторитардык жана калп демократиялык режимдер, эмнегедир Москванын туусу астында андай режимди бардык жерде, анын ичинде Украинада да жайылтууга болот деп болжошкон.

Орусиялык талдоочулар президент Путин Януковичке бир жактуу колдоо көргөзүп, боордош элдин намысына катуу тийип алганын айтышууда. Анын себебин Кремлдик саясий төбөлдөрдүн мындан ары КМШ өлкөлөрүн кайра Орусиянын айланасына топтоо күрөшү менен байланыштырат. Таанымал саясатчы Глеб Павловскийдин пикирин уга кетели:

-Биз (Украниадагы – ММ) төңкөрүшкө каршыбыз. Эгерде аны биз токтото албасак анда Орусия да ал мейкиндикте төңкөрүш жасоого басым жасайт, - деди Кремлдик саясий төбөл Павловский мырза.

Украин оппозициясынын наамына мындан да ачуу кепти Москва мэри Юрий Лужков жекшембиде Түндүкдонецк калаасында өткөн жыйында айтты:

-Мобуреки апелсин (саргыч – ММ.) түстөгү, курсагы томпойгон шабаш бүтүндөй Украин элин билдиребиз деп ойлошот өзүн.

Бирок боордош украиндер толкундоосун саясий, экономикалык гана себеп эмес, руханий айырма алыстатып атканын Смоленск жана Калинингрдаддык епископ Кирилл айтат:

-Украиндердин ич ара бөлүнүшү ачыктан ачык эле орустарга каршы, Маскөөгө каршы араздашуудан улам болуп атканы көрүнүп турат, - деди митрополит Кирилл.

XS
SM
MD
LG