Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Осама бин Ладен “Ал-Жазира” телеканалы көрсөткөн тасмада президент Бушту сындады


Бин Ладен бир жылдан бери алгачкы ирет аман-эсен көрсөтүлгөн видеотасмада АКШ президентинин Жакынкы Чыгыштагы жаңылыш саясаты мусулман согушчандарын Америкага каршы жаңы чабуулдарга козутуп жатканын айткан. Ооганстандагы америкалык аскер жетекчилери Осама бин Ладен тартылган тасманы "курулай пропаганда" деген пикирлерди четке кагып, "Ал-Каиданын" башчысы сөзсүз кармалат деп билдиришти. Пентагондун Кабулдагы өкүлү, майор Скотт Нелсон Бин Ладен дагы эле Ооганстан-Пакистан чек арасына жакын аймактарда жашырынып жүрүшү мүмкүн деген пикирде. "Ал Ооганстанда, же Пакистандын чектеш аймактарында аракеттенип жаткан өңдүү. Биз аны так билбейбиз. Бин Ладен кайда экенин билгенде бактылуу болбойт белек, АКШдагы президенттик шайлоого да утуш болот эле", - дейт майор Нелсон. Бин Ладенди көргөзгөн "Ал-Жазира" телеканалы видеотасманы кимдир-бирөө телекомпаниянын Пакистандын башкалаасындагы офисинин кире беришине калтырып кеткенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG