Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

КАРЗАЙ АЛГАЧКЫ АЙЛАМПАДА ЭЛЕ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕНИ АНЫК БОЛУП КАЛДЫ


Ооганстандын учурдагы лидери Хамид Карзай өлкөдө алгачкы ирээт өткөрүлгөн демократиялык шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгы менен эле айныксыз жеңишке жетишет сыяктуу. Добуштардын 95пайыздайы саналгандан кийинки маалыматтар ооганстандыктардын басымдуу бөлүгү Карзайды колдогонун көргөзүүдө. Анын негизги атаандашы Юнус Кануни шайлоодо утулганын моюнга алды.

Ооганстанда демократиялык мүнөздөгү алгачкы президенттик шайлоо 9-октябрда өткөрүлгөн эле. Бирок шайлоодо өлкөнүн азыркы лидери Хамид Карзайга атаандаш болгон талапкерлердин добуш берүү бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгондугу жөнүндөгү даттанууларына байланыштуу бюллетендерди саноо дароо башталган эмес. Карзайдын атаандаштары адегенде шайлооону бойкоттошоорун, жыйынтыгын тааныбасын жарыялашкан. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин мыйзам бузууларды иликтөө боюнча эл аралык комиссия түзүүгө жана ал комиссиянын тыянагын кабыл алууга макул болушкан эле. Канада, Британия, Швециянын өкүлүнөн турган ошол комиссия азыр талапкерлердин дооматтарын иликтөөнү улантууда жана жакынкы күндөрү өз чечимин чыгармакчы. Ага катар бюллентендер да түгөл саналып бүтө элек. БУУ менен Ооганстандын биргелешкен шайлоо комиссиясы акыркы жыйынтык 30–окябрга карата даяр болот деп күтүп жатканын билдиришти.

Анткен менен учурдагы маалыматтар деле шайлоонун экинчи айлампасы талап кылынбасын көргөзүүдө. Бюллетендердин 95 пайыздайы саналгандан кийинки маалыматка караганда, Хамид Карзай дээрлик 55 пайыз добуш топтогон. Карзайдын шайлоо штабынын басма сөз катчысы Хамид Элминин айтымында, жогорудагыдай көрсөткүч алардын шайлоого чейинки божомолуна туура келүүдө:

- Биз шайлоо кампаниясы расмий түрдө башталганга чейин эле биринчи айлампада 57-62 пайыздын аралыгында добуш алууга үмүттөнгөнбүз. Азыр биз добуштарды саноо дээрлик аяктап калгандагы маалыматтарда укканда, жеңиш айныксыз экенине ишенип жатабыз. Бирок биз БУУ менен Ооганстандын биргелешкен шайлоо комиссиясы жеңишти расмий жарыялашын күтүүдөбүз.

Ооганстандын Конституциясына ылайык, президенттикке шайланган адам шайлоодогу жеңиши жарыялангандан 30 күндөн соң кызматына расмий киришет.

Мунун аралыгында, Карзайдын башкы атаандашы билим берүү боюнча мурдагы министр Юнус Кануни шайлоодо утулганын моюнга алды. Анын өкүлү Саид Хамид Нуринин айтымында, Кануни ооган элинин эркин сыйлайт, шайлоодогу мыйзам бузуулар азыр иликтенип жатканына карабай Хамид Карзайдын жеңишин тааныйт. Учурдагы маалыматтарга караганда, Кануни добуш берген оогандардын 16 пайызы колдогон. Муну менен ал Карзайдан дээрлик 40 пайызга жакын артка калууда.

Үчүнчү орунда 12 пайыз добуш менен улуту боюнча хазар талапкер Хажи Мохамед Мохакик, төртүнчү орунда 10 пайыздай добуш менен улуту өзбек генерал Абдул Рашид Достум келе жатат. Добуштардын калган 6 пайызы башка 12 талапкердин үлүшүнө таандык.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG