Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

САЛИЖАН ШАРИПОВДУН КААРМАНДЫГЫ, ПРЕЗИДЕНТТИН МУРАСКЕРЛЕРИ, ДҮЙШӨМБҮ САММИТИ


19-октябрдагы “Агым” гезити Аскар Акаевдин мураскерлери жана жакында отставкага кетүүчү чиновниктер тууралуу божомолдорду жарыяласа, ал эми “Аалам” басылмасы өлкөнүн жаштарынын келечек тууралуу ой-пикирлерине орун берди.

Бул ирет “Агым” басылмасы «Океандын ары жагынан келгени Аскар Акаев эч кандай референдум- шайлоолорго барбай, мураскер издей баштаганын, азырынча экөөнүн ысымы аталып жатканын, бири - эң жакын адамы, аксылык, физик-академик Кубанычбек Жумалиев, экинчиси Владимир Путиндин көзүнө илинген башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев экенин божомолдойт. Кимиси тандалат же башка мистер Х пайда болобу - белгисиз?» деп жазат.

Ушул эле басылма жаңы түзүлгөн "Кыргызстандын элдик кыймылы бирикмеси" ноябрь айынын башында курултай өткөрүүгө камынганын, бул кыймылга Дастан Сарыгулов, Үсөн Сыдыков, Ишенбай Аздыразаков, Муратбек Иманалиев, Мисир Ашыркулов, Адахан Мадумаров сыяктуу саясатчылардын кошулушу толук мүмкүндүгүн маалымдайт.

"Агым" жакында отставкалар башталаарын, Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып жатышкан бир катар министрлер менен губернаторлордун жакын арадагы отставкасы тууралуу да божомолдойт.

“АКШ бийлиги кыргыз саясатчыларын электен өткөргөн эспериментин улантууда. Бул ирет “Асаба” партиясынан Азимбек Бекназаров, “Элет” партиясынан Накен Касиев, КДКдан Жыпар Жекшеев, “Менин өлкөм” партиясынан Оксана Малеванная, “Алга, Кыргызстан” партиясынан Болот Бегалиев мырзалар америкалык демократиянын алиппесин бир ай үйрөнүп, Буш менен Кэрринин күрөшүн өз көзү менен көрүшөт” деп кабарлайт “Агым-пресс” агенттиги.

«Агымда» дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

-Журналист Алым Токтомушев өткөн сандагы теманы тереңдетип, Кумтөр алтын кени канадалыктарга арзанга сатылганын талдоого алат. “Ошентип байлыгы жагынан дүйнөдөгү эң ири он кендин бири делген, өлкөнүн алтын байлыгынын 70 пайызын түзгөн Кумтөр канадалык табакташтарга тартылды да кетти” деп жазат Алым Токтомушев. Инвестиция тууралуу макала, саясый элитанын жаңылыктары, “Бешилик” бети, белгилүү жазуучу Асанбек Стамовдун депутат Дооронбек Садырбаевди эмне себептен сотко бериши туралуу макалалар чыкты.

Шейшемби күнкү “Ааламда” журналист Элнура Кулуеванын Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын сессиясынан уюштурган репортажы жарык көрдү.

«Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу басылманын редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

-Баяндамачы Кенжалы Сарымсаков экс-министр Ишенгүл Болжурова менен болгон «Керексиз 50 филиалды жаптырып салгам» деген маегинин уландысы жарык көрдү. Мында өлкөдөгү билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелер тууралуу кеп болот. Кыргызстандын жаштарынын өлкөнүн келечеги тууралуу ой-пикирлери, талашка түшкөн «Кыргызгаз» жана энергетика тармагын менчиктештирүү маселесинин айланасындагы «Депутат сатылат, сатылбайт» деген макала жарыяланды.

18-октябрдагы “Вечерний Бишкек” Кыргыз эл баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шариповдун космоско экинчи ирет учушу жана анын каармандыгы менен “Союз” корабли Эл аралык космостук станцияга жалгаштырылганы, теннис боюнча Байкоңур кубогун утуп алган кыргызстандык Юрий Шаповалов, Владимир жана Надежда Семеновалардын жеңишин космостон Салижан Шариповдун куттукташын маалымдады.

Ушул басылманын кабарчысы Дина Маслова өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын ботаникалык багынын көйгөйлөрүн ортого салды. “Бул 148 гектар аянтта 350 өсүмдүктүн түрү, бак-дарактар өсүп, аны 24 биолог адис тейлеп, 50 жылдан бери ремонттон өтпөй, суу түтүктөрү иштен чыкканын, жылуулуктун жетишсиздигинен айрым өсүмдүктөрдү суук алып кеткенин талдоого алат.

Шейшемби күнкү “Кыргыз туусу”, “Эркинтоо” гезиттери Дүйшөмбү шаарында өткөн “Борбор Азия кызматташтыгы” уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин жыйыны, анда талкууланган маселелер тууралуу кеңири маалымат беришти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG