Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Токиодо донор-мамлекеттердин Ирак боюнча конференциясы аяктады


Жыйын катышуучулары Ирактагы негизги долбоорлордун аткарылышын ыкчамдатуу керектигин белгилеп, эмки январда өлкөдө жалпы улуттук шайлоо өткөрүү планына колдоо билдиришти. Конференцияга катышкан 57 мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Ирактагы реконструкция иштерине акчалай жардам берүү убадасын кайталашты. Иран 10 миллион доллар, Дания - 4, Жаңы Зеландия бир миллион долларга жакын каражат бергени жатат.

Европа комиссиянын делегация башчысы болсо 2005-жылкы бюджеттен Иракка жардам иретинде 150 миллион доллар каралганын билдирди.

Кечээ Ирактын убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Бахрма Салех өлкө эл аралык коомчулуктун көбүрөөк жардамына муктаж деп билдирип, мурда убада кылынган каражат жай келип жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG