Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:32

БЕСЛАНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК, ШАЙЛООДОГУ ОППОЗИЦИЯ, МЕДИЦИНАДАГЫ РЕФОРМА


15-сентябрда жарык көргөн “Республика” гезитинде “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы коомдук бирикмесинин жетекчиси Эдил Байсаловдун учурдагы оппозициялык күчтөр, алардын алдыдагы шайлоого көргөн камылгалары жөнүндөгү маеги жарыяланды. Ал эми “Адабий гезит” басылмасы акындар Бактыгүл Чотурова менен Алик Акималиевдин чыгармачылыгы тууралуу макалага орун берди.

14-сентябрдагы «Вечерний Бишкек» басылмасы Түндүк Осетиядагы Беслан шаарындагы мектептеги каргашалуу окуяда барымтада болуп, аман калган кыргызстандык 14 жашар Малик Калчакеевдин «Атаке, мени Бесландан Ысыккөлгө алып кетчи» деген өтүнүчүн жарыялады. Малик 1-сентябрда мектепке барып, барымтага түшүп калган.
«Спорт залда жарылуу болгондо мен дубалдын жанында болчумун, чаң, түтүндөн эч нерсе көргөн жокмун. Экинчи ирет жарылуу болгондо дубалдагы жараңка аркылуу сыртка качтык. Артыбыздан автомат менен аткылашты. Менин досум Ото оор жаракат алып, учурда Москвада дарыланып жатат» деп жооп берет телефон аркылуу 7-класстын окуучусу Малик Калчакеев.

Маликтин атасы Марат мындан 5 жыл мурда Бесланга барып, үй куруп, иштеп жүргөн. Алар жердиги - Ысыккөлдөн болушат. "Бесландагы үйүн сатып, уулу Маликтин өтүнүчү боюнча Кыргызстанга кайтып келмек болушууда» деп жазат кабарчы Светлана Лаптева.

15-сентябрдагы «Республика» басылмасы “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун учурдагы оппозициялык күчтөр, алардын алдыдагы шайлоого көргөн камылгалары жөнүндөгү маегин жарыялады.

«Оппозиция ыңгайлуу учурду колдон чыгарып жибергени калды. Себеби, алдыдагы шайлоонун алдында алар бирикмек тургай, эч кандай натыйжалуу аракет көрө элек. Оппозиция эл менен иштеген жок. Шайлоо комиссиясынын курамына өз кишилерин киргизе албады. Минтип олтурса, алар бийликти алмак тургай, коркунуч да келтирбейт», дейт Эдил Байсалов.

Ошондой эле адвокат Ахмедовдун «түштүктөгү күч органдары «Хизб ут-Тахрир» уюмунун баракчаларын таратты, ушул уюмга мүчөсүңөр деген шылтоо менен атуулдардын укугун тебелеп, иликтеп-изилдебей туруп, камап жатканы» жөнүндө макалага да орун берди.

«Республика» басылмасында, ошондой эле, белгилүү көз доктур Алмаз Исманкулов саясый оюндардан алыстап, өз кесибинин өтөөсүнө чыгып, эл аралык чоң жыйындарга катышып, Кыргызстанды таанытып жаткандыгын баяндады. «Өлкөдөгү медициналык реформалар элдин кызыкчылыгына шайкеш келбей, оорукчандардын саны көбөйдү. Бул тармакты түп- тамырынан бери өзгөртүү зарыл» дейт Алмаз Исманкулов.

Ушул басылмада Түндүк Осетиядагы Беслан шаарындагы мектепте болгон каргашалуу окуянын чыгыш себептерин иликтеген макалага да орун берилди.

«Бул аймактагы ички иштер кызматкерлери коррупцияга баткан. Жол тоскондор акча алып, унааларды текшербей өткөрө берген. Түндүк Осетияда Орусиянын паспортун акчага сатып алууга болот. Коопсуздук иштери колго алынган эмес» дейт түндүк осетиялык полковник Батрас Такражов.

Шаршемби күнү «Адабий гезит» жарык көрдү. Ушул басылмада кандай макалалар жарыяланганы тууралуу баш редактор Асанбек Кулманбетов мындай дейт:

-Белгилүү акындар Бактыгүл Чотурованын жана Алик Акималиевдин чыгармачылыгы тууралуу кеңири баяндаган макала жарык көрдү.
Жаш жазуучу Жыпара Исабаеванын «Алыкулду сүйгөн кыз» деген даректүү баянынын уландысы да «Адабий гезитке» жарыяланды.


16-сентябрда «Трибуна» гезити басууга даярдалып жатат. Ушул басылмада кандай макалага орун берилип жаткандыгы тууралуу баш редактор Рысбек Өмүрзаков мындай дейт:

- Медициналык академиянын «тиш оорусу» деген аналитикалык макала даярдалып жатат. Мында мурдакы тиш оорулары борборунун негизинде түзүлгөн тиш догдурларды даярдоочу институттун 59 адисин медициналык академиянын ректору өзүмбилемдик менен жумуштан алып, каражатын академияга котортуп, ишине кийлигишкени тууралуу сөз болот.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG