Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

ИРАК: МУКТАДА АС-САДР УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ


Ирактагы шийилердин таасирдүү диниятчыларынын бири Муктада ас-Садр мыйзамсыз иш-аракеттерден баш тартып, убактылуу бийлик менен кызматташууга өткөн бараандуу саясатчы болуп калмакчы. Расмий Вашингтон да ас-Садрдын болочоктогу саясий ролуна каршылыгы жоктугун шейшембиде билдирди.

Ирактык шийилердин радикал канатын жетектеген диниятчы Муктада ас-Садр өлкөнүн убактылуу өкмөтү менен кызматташууга ниеттенип жатканы кабардалууда. Соңку маалыматтарга караганда, ас-Садр өзү жетектеген «Махди армиясы» делген топтун Нажаф шаарындагы жоочуларына кайрылып, бул шаардан сырткары жактан келген жоокерлерине өз жайларына кайтууга буйрук берген.

Албетте, коомчулук алдында чыгып сүйлөгөн чакта, Муктада ас-Садр «америкалык баскынчылар эл-жеринен чыгып кетмейинче, өз күрөшүн эч токтотпой турганын» билдирүүдө. Өткөн жылы Саддам Хусейндин бийликтен кулатылышын кызуу колдогон менен, ас-Садр Кошмо Штаттардын Иракка аскер киргизишине каршы чыккан.

- Мен Алла-тааладан гана корком. Бул – биринчи жана эң башкы жагдай. Мен өз атажуртум үчүн жанымды курмандыкка чабууга даярмын. Бирок мен ирак элине кайрылам, бул менин элге экинчи жолку кайрылуум – менин шейит кетишим калктын баскынчылыктан баш тартуусуна жана көз каранды эместик менен эркиндикти талап кылууну токтотуусуна алып келбесе экен, - деди быйыл апрелде ас-Садр.

Аны жактаган жоочулар быйыл апрелден бери Ирактагы колалициялык күчтөргө каршы куралдуу күрөшүн улантып келет.

Азыркы убактылуу өкмөткө кирген шийи саясатчыларынын ас-Садр менен соңку учурлардагы сүйлөшүүлөрү өз жыйынтыгын берип, ал убактылуу өкмөт менен кызматташууга ынтаа коюп калганы расмий Вашингтондо да жактыруу менен кабыл алынды.

Шейшембиде (июндун 15инде) АКШ президенти Жорж Уокер Буш Багдаддын жаңы өкмөтү Муктада ас-Садрга кандайдыр-бир саясий рол берчү болсо, анда ага каршы болбой турганын айтты:

- Ирактын убактылуу өкмөтү ас-Садр менен өзү туура көргөн нукта иш алып барат. Алардын эгемендик ыйгарым укугу бар. Биз эгемендикти толук өткөрүп беребиз деп айтуу менен бирге, чынында да, мындай ыйгарым укукту аларга толук өткөрөбүз деп жатабыз. Алар ас-Садрга карата тийешелүү саясатын өздөрү жүргүзө алмакчы.

Президент Буштун бул сөзү расмий Вашингтон ас-Садрга карата саясатын кыйла өзгөрткөнүн тастыктайт. Бир ай мурда эле Буш бул диниятчыны «киши өлтүргүч» катары жектеген.

Ушул аптада Муктада ас-Садр саясий партия түзөөрүн жана алдыдагы шайлоолорго катышаарын билдиргенде, убактылуу президент Газы ал-Йавар анын мындай чечимин колдоого алды.

Жакынкы Чыгышты иликтеген адистердин бири, лондондук Даниэл Ниип убактылуу өкмөттүн жаңы саясаты Вашингтон жактаган нуктан - өз каршылаштарын күч менен жок кылуу нугунан аларды кызматташтыкка тартуу нугуна өтүү аракети менен айырмаланаарын айтат:

- Менимче, мындай мамиле – жергиликтүү саясий ишмерлерди четке какпастан, аларды өзүнө тартуу, аларга ыңгайлуу шарт түзүп, аларды өгөйлөбөстөн, системага кошуу боюнча ирактык расмий мамиле болуп саналат.

30-июнда бийлик ыйгарымы толугу менен АКШ бийлигинен Ирактын убактылуу өкмөтүнө өткөрүлмөкчү. Бирок АКШ аскер жетекчилиги бул мөөнөттөн кийин да Ирактагы коопсуздук кырдаалына көзөмөл кылууну улантаарын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG