"Wall Street Journal" басылмасы жазгандай, Жапониянын быйылкы жылдын биринчи кварталында 5,6%дык өсүшкө жеткенин өткөн айда жарыялашы көпчүлүктү таң калтырбай койгон жок. Ал эми жыл соңуна карата адистердин эсебинде, Жапониядагы экономикалык өсүш жалпысынан
3,4 %га жетиши мүмкүн. Былтыр бул көрсөткүч 2,7 % болгон.
Жапония соңку кыйынчылыктарына карабай, экономикасынын кубаттуулугу жагынан дүйнөдөгү экинчи ордун сактап келүүдө. Салыштырып көрсөк Кытай менен Индияны кошкондо, алар калктын саны жагынан Жапониядан 18 эсе көптүк кылат. Бирок ошол эле кезекте бул эки өлкөнүн экономикасын бириктиргенде, Жапония экономикасынын үчтөн бир бөлүгүнө жетпейт. Андыктан Жапонияда реалдуу өндүрүштүн жыл ичинде 3,4%га эле жогорулоосу, Кытай менен Индиядагы 10%дык жогорулоого барабар дегенди туюндурат. Ушул жүйөөлөрдөн улам " Wall Street Journal"дын пикиринде, дээрлик он жылга созулган стагнациядан соң жапон экономикасынын кайрадан жандана башташын Азиянын ири жаңылыгы деп атоого татыктуу.
Өз кезегинде Жапониянын мурдагы кемелине келе башташы, ага катар АКШ экономикасындагы оң көрүнүштөр глобалдык экономиканын келечегинен жагымдуу кабар берүүдө. АКШ жана жапон экономикасынын келечеги жакшы экенин Кошмо Штаттардын каржы министри Жон Сно да Чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери менен борбордук банк башчыларынын мындан бир айча мурдагы жыйыны учурунда айткан эле:
- АКШ экономикасынын келечеги бир топ жакшы. Биз "Чоң жетиликтин" башка мамлекеттери жөнүндө да сөз кылдык. Мен жакшы иши үчүн жапониялык кесиптештерди да мактай алдым. Жапония өсүштүн, сезилээрлик өсүштүн белгисин көргөзүүдө.
"Wall Street Journal"дын жазганына караганда, жапон экономикасынын жандануусу Кытайга жана Азиянын башка өлкөлөрүнө карата экспорттун тез көбөйгөнүнөн улам жаралгандай. Маселен, ал өткөн жылы АКШга караганда Кытай, Гонконг, Тайванды көздөй товарды 100 миллиард долларга көп экспорттогон. Экспорттун өсүшү болсо өндүрүштүн баардык тармактарында катталган.
Дегеле, Азиянын өлкөлөрү барган сайын Кытай, тагыраак айтканда, анын жумушчу күчү менен көбүрөөк интеграцияланууда. Товарлардын төмөнкү наркта өндүрүлүшү Кытайдын жумушчу күчүнүн, Жапония, Түштүк Корея, Гонконг, Сингапур, Тайвандын акчасы менен технологиясы натыйжасында жаралып жатат. Жумушчу күчү арзан Кытайгө өндүрүшүн, албетте, америкалык фирмалар да которгон. Бирок Кытайдагы инвестициянын көпчүлүгү, адистердин эсебинде, ошол Жапония, Түштүк Корея, Гонконг, Сингапур, Тайванга таандык.
"Wall Street Journal" гезити жазгандай, муну балким Азиянын Евробиримдиктин үлгүсүндөгү бейрасмий биримдиги деп атаса болчудай. Бирок аларда Евробиримдиктен айрымаланып, татаал укуктук эрежелер жана өкмөттөр ортосунда саясатты координациялоо жок.