Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Кыргызстан киши башына кирешеси эң аз өлкөлөрдүн сабында


БИШКЕК. Дүйнөлүк банктын «Дүйнөлүк өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү» деген отчетунун маалыматы боюнча Кыргызстан киши башына эң аз киреше алган 64 өлкөнүн катарына кирет. Бул топто КМШ мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан, Тажикстан, Молдова, Грузия жана Азербайжан бар. Бул өлкөлөрдө киши башына жылдык киреше 736 доллардан аз. Ал эми Орусия, Казакстан, Армения, Украина андан жогорку катарга кирет. Ал өлкөлөрдөгү киши башына жылдык киреше 736 доллардан 2935 долларга чейин жетет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн бүгүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG