Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:36

УЛУТТУК БАНК ДЕПОЗИТТЕРДИ КОРГООГО АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


8-апрелде Бишкектеги «Хаят» мейманканасында өлкөдө депозиттерди коргоо системасы боюнча концепция талкууланды. Ага аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, Улуттук банктын жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эларалык эксперттер катышты.

Эгемендүүлүк доорунда жоон топ банктардын кудуретсиздикке учурашы жана анын айынан аманатчылардын миллиондогон акчасынан кол жууп калуусу - элдин банк системасына ишенимин кетирди. Калк банктарга акча салуудан чочулап калды.

Улуттук банк түзүүнү каалап жаткан депозиттерди коргоо системасы дал ушул аманатчылардын кызыкчылыгын коргоп, ал аркылуу элдин акчасын банк системасына кайра тартууну максат кылууда.

Депозиттерди коргоо системасы тууралуу концепцияны талкуулоого улуттук банктын жетекчилиги, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, коммерциялык банктардын өкүлдөрү, президенттик администрациянын кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эларалык эксперттер катышты.

Талкууну ачкан Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов акыркы жылдары банк системасы турукташып, депозиттер 37% өскөнүнө карабай депозиттерди коргоо системасын түзүү зарылдыгын белгиледи. Ал үчүн резервдик фонд түзүү керек дейт Сарбанов:

- Биздин депозиттерди коргоо системабыз аз камсыз болгон чакан аманатчыларды коргоого жана финансылык туруктуулукту камсыз кылууга багытталыш керек.

Анын айтымында, резервдик фондду түзүүгө өкмөт да салым кошууга тийиш.

Депозиттерди коргоо системасынын кандай негизде түзүлөөрү тууралуу Улуттук банктын методология бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Жумабаев маалымат берди. Анын айтымында, резервдик фонд өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүп, директорлор кеңеши тарабынан башкарылууга тийиш.

Алгач фонддо 41 миллион сом болушу белгиленүүдө. Бул сумманын жарымын өкмөт бюджет эсебинен, ал эми калганы коммерциялык банктардын фондго мүчөлүк акысынан толукталууга тийиш. Эгерде коммерциялык банк резервдик фондко тийиштүү сумманы чегербесе, башкача айтканда, мүчө болуп кирбесе, андай банктар аманатчылардан акча алууга укугу жок болот. Керек болсо банк ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берген лицензиясын тартып алуу жагы да каралууда. Резервдик фонддун эсебинен майда аманатчылардын 15 миң сомго чейинки акчалары жана анын үстөк пайызы кайтарылмакчы.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Каныш Шаршекеева депозиттерди коргоо системасын түзүү алдындагы шарттар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, тышкы карыздын көптүгү, экономиканын тышкы таасирлерден жана бир нече ири ишканалардан көз карандылыгы, өлкөдө табийгат кырсыктарынын көп болушу жана улуттук валютанын курсунун туруксуздугу - ушундай фонд түзүүгө түрткү болуп турат.

Депозиттерди коргоо системасы боюнча эларалык адис Жиллиан Гарсия концепция менен таанышып чыккандыгын, бирок өлкөдө андай системаны ишке ашыруучу инфраструктуранын бардыгына күмөн санап турганын билдирди. Андан аркы сөзүндө Гарсия резервдик фондду түзүүдөн келип чыга турган коркунучтарга токтолду:

- Резервдик фонддун бир катар терс жагдайлары да бар. Ал моралдык зыян тартуу, андан сырткары туура эмес тандоо, начар банкты каржылоодон келип чыгышы ыктымал. Моралдык зыянга токтолсок, эгерде резервдик фонд ишке кирсе аманатчылардын банктарга ишеними артып, алардын күмөндөнүү сезими мокойт. Натыйжада начар банктарга аманатчылар көп акча салып, аягында ал кудуретсиздикке учураса зыян көп болот. Туура эмес тандоо жагын алсак, кудуреттүү банктар резервдик фондго мүчө болууга кызыкпайт. Алсыздар тескерисинче, аракеттенет. Аманатчылар ушул учурда да жаңылышы ыктымал. Мындай окуялар эларалык практикада кеңири учурайт. Системаны түзүүдө мындай коркунучтарды эске алуу керек.

Улуттук банктын жетекчилигин айтымында, тегерек столдо айтылган сунуштар жана каалоолор «Депозиттерди коргоо системасы жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эске алынмакчы. Мыйзам долбоору парламент кароосуна июнь айында коюлмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG