Мындан эки жыл илгери Аксыда өткөн каргашалуу окуяны эскерген парламенттик угуу тууралуу жума күнкү “Агым”, “Демократ”, “Учкун” гезиттеринде кеңири материалдар жарыяланды. “Учкун” гезити эки жылдан бери чечилбей келаткан “адамзатка каршы кылмыштын бети ачылабы?” деген суроону коет. Ушул эле басылмада АКШ Мамлекеттик катчы жардамчысынын орунбасары Линн Пасконун “Кыргызстандагы бийлик алмашышы керек” деген пикири жарыяланган. Аны “Арнамыс” партия жетекчисинин орунбасары Эмил Алиев колдорун билдирген: “Түпкүлүгүндө туура ой, себеби, калкыбыздын көпчүлүк бөлүгү ушундай пикирде. Эли үчүн эч нерсе жасай албаган бийликтин пайдасынан зыяны көп”, - дейт Эмил Алиев.
Ал эми кезектеги президенттик шайлоого Майрам Акаева катышып калыш ыктымалдыгын “Агым” гезитиндеги “Чолок өрдөк” деген макаласында журналист Аман Акматов жазды. “Майрам Акаеванын дагы парламенттик болобу, президенттик болобу, шайлоого катышууга... укугу бар”, - дейт макала автору, - “бактысын сынап көрүү аракетине бут тоспой, кызганбай жол ачып берсек, калганы элибиздин элегине, Кудайдын жазганына байланыштуу эмеспи”.
Кыргызстанда бийликтин алмашуусу кыйын болору “Жаңы ордо” гезитиндеги Мейманбек Абдылдаевдин “Аскар Акаев кылган ишинин жыйынтыгынан коркуп жатат” деген маегинде козголгон. М.Абдылдаевдин айтымында, тегерегиндегилердин аракети менен А.Акаев дагы бир жолу президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн.
Түрк тилдүү калктардын орток арибин иштеп чыгуу демилгесин академик Бүбүйна Орузбаева козгоп чыкканын жума күнкү “Заман Кыргызстан” гезити маалым кылды. Тил мыйзамы, билим берүүнүн жетишкендиктери менен мүчүлүштүктөрү маселесине арналган материалдар топтому “Замандаш” журналынын март айындагы санында жарыяланды. Депутат М.Султановдун пикиринде, мамлекеттик кызматкерлер эки тилди билиши зарыл.
Абдыкерим Муратовдун “Чалдыбардан чыгалбас, чалажан тилим не болот, же Мамтил мыйзамынан улам...” макаласы мамлекеттик тил мыйзамына арналган. Автордун пикиринде, жаңы мыйзам өлүп бараткан тилдин акыркы далбасасы. Кыргызстанда гана расмий делегацияны бөтөн улуттун тилинде тосуп алат, бул жагынан кыргыздар аты-фамилиясын орусча кылып алган якуттар менен буряттардын жолун жолдоп баратышат, деп белгилейт макала автору.
“Кыргыз туусу” гезити жазуучу Чыңгыз Айтматовдун журналисттер менен кездешүүсүндө сүйлөгөн сөзүн жарыялады. Кызматтык милдети, коомдук иштери колун байлаган айтылуу көркөм сөз чебери “ойдо бышырган, баштап койгон нерселери” бар экенин, алары азыркы турмуштан алынып жазыларын билдирген. Жазуучунан айтымында, азыркы заманды терең аңдап чыгыш үчүн убакыт керек. “Адабиятта, искусстводо жеңил-желпилик, үстүртөндүк өкүм сүрүп жатат го деп ойлоймун”, дейт Ч.Айтматов.
Социализм заманындагы жашыл шаар Бишкек ушу тапта баштагы кейпинен кетип, ойкелди салынган курулуштардын туткунунда калганын “В конце недели” апталыгы жазды. Совет доорунда иштелип чыккан шаардын башкы планы эскирген, Бишкекти куруунун жаңы концепциясы иштелип чыга элек.
Борбор Азия чөлкөмүндө суу-энергетика проблемасы кандай чечилип жатканы “Эркинтоо” гезитинде жарыяланган Кыргызстандын Евразия экономикалык кызматташтык биримдигиндеги өкүлү Базарбай Мамбетовдун сөзүндө баяндалган. Анын айтуусунда, Кыргызстан коңшу республикаларга мурда 2,2 миллиард киловат-саатка чейин электр энергиясын сатчу. Өткөн жылы Өзбекстан жайында Кыргызстандын электр энергиясын сатып алуудан баш тарткан. Токтогул суу сактагычында 17 миллиард куб суу топтолду. Үч өлкөнүн өз ара келишпестигинин айынан Казакстандын Шардара суу сактагычы өткөн жылдын декабрында кыйын абалга кептелди. Б.Мамбетовдун айтуусунда, Кыргызстан Токтогул ГЭСинен сууну аз кое берүүдөн зыян тарткан жок.
Ошто ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын саны катталгандардан он эсе арбын экендигин ишембидеги “МСН” гезити маалымдады. Шаардын сауна, көңүл ачуу жайларында санитардык-гигиеналык талаптар сакталбайт. Аларды текшерүү маалында коркунучтуу ооруну жуктуруп алгандар чыккан.