Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:21

CISAC ПРОГРАММАСЫНЫН КАЙТАРЫМЫ АНЧА ЭМЕС


Дүйнөлүк банк ири тармактарды менчиктештирүү боюнча CISAC программасын каржылайт. 11-февралда ал программанын аткарылышына арналган өкмөттүк жыйын өттү. Жыйында белгиленгендей, кирешелүү тармактардын менчиктелиши өкмөт күткөн натыйжаны берген жок.

Ушул айдын ортосунда Кыргызстанга келчү Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын миссиясы программанын аткарылышына өз баасын берет. Ага жараша республиканын тышкы карызынын бир топ бөлүгү кечирилиши мүмкүн.
CISAС программасын ишке ашырыш үчүн Дүйнөлүк банк 36 млн. доллар бөлгөн. Анын 18 миллиону 2000 – 2001-жылдары иштетилип, кредиттин 3-бөлүгүнө ылайык 17,8 млн. доллар быйылкыга чегерилген.

Кыргыз өкмөтүнүн энергетика агенттигинин мурунку директору, учурдагы вице-премьер-министр Уларбек Матеев тармактагы абалды жандантуу үчүн ар бир жетекчинин милдетин так көрсөткөн план иштелип чыкканын маалымдады:

- Бөлүштүрүү компанияларындагы ар бир директор менен бир айда, кварталда кандай көрсөткүчкө жетээри тууралуу макулдашуу түзгөнбүз.

Бирок мындай катуу чаралар кризиске капталган тармактын ишин алдыга жылдырып ийиши күмөн. Мамлекеттик ээликтен апыл-тапыл ажыратылган компаниядагы электр энергиясын техникалык жана коммерциялык жол менен жоготуулар коркунучтуу чекке жеткени ушу тапта элдин баарына дайын. Өкмөт Дүйнөлүк банктын талабын аткарыш амалында бу кезде энергетика тармагын менчиктештирүүнүн үчүнчү этабына өтүү даярдыгын көрүүдө.

Менчиктештирүү «Түндүкэлектр» акционердик коомунан башталат. Каржы министринин орунбасары Сабыр Молдокуловдун айтымында:

- Менчиктештирүүнү баштала элек десек болот. Энергетика тармагын мына 7 компанияга бөлүп койдук. “Кыргызэнергонун” акцияларынын көбү өкмөттүн колунда калууда. Ал жеке адамдардын колуна тийгенде гана тармак толук менчиктештирилди десек болот.

Эгер парламент колдосо электр энергетика тармагына удаалаш газ өндүрүш чарбасы да жеке колго өтмөкчү. Газ өндүрүшүнө тийиштүү ишканалардын текши баары менчиктештирилмекчи. Өкмөт өзгөчө үмүт арткан “Кыргызтелекомдун” сатылышы да азырынча оңдуу чечиле элек.

Өткөн жылкы тендерди жеңип алган Швециянын “Swedtelecom” компаниясы кыргыз өкмөтүнүн шарттарына көнбөй, ошондон “Кыргызтелеком” акционердик компаниясынын кайсы колго туш келээри белгисиз. Маселе минтип көпкө чейин асылып тура берсе өкмөт дагы бир тендер жарыялап, байланыш тармагын дагы бир жолу сатууга алып чыгаары болжолдонууда.

- Тез арада бул маселени чечишпесе, биз койгон шарттарга макул болушпаса, анда башка компаниялар менен сүйлөшүүбүз керек, -дейт каржы министринин орунбасары Сабыр Молдокулов.

Минтип кирешелүү тармактарды менчиктештирүүнүн артында эларалык каржы уюмдарынын өктөм талабы турат. Максат - мамлекет ээлигиндеги тармакты жеке колго өткөрүп, кирешелүү ишканаларга айлантуу. Өкмөт деле андай изги тилектин ишке ашышына кызыкдар. Тек, жеке менчикке өткөндөн кийин кызмат көрсөтүүнүн баасы асмандап кетсе, анын натыйжасында социалдык маселелердин курчуп кетишинен чочулайт.

Өкмөттүк жыйында Токмоктогу кыргыз-кытай биргелешкен кагаз чыгаруу ишканасынын абалы тууралуу да кеп болду. Өкмөттүн кепилдиги менен 150 миллион юан кредит алынып, кызуу демилге менен курулган ишкана ушу тапта иштей албай, жабдууларын дат басып токтоп турат. Өкмөт башчы Николай Танаев андай ишкананын курулушуна кеткен ыгым-чыгымын мойнуна алган ишкер чыкса ага сатып ийүүдөн башка амал калбаганын айтты:

- Кредит милдеттенмеге байланышкан биздин карыздарыбызды кошуп ишкананы тендерге салып сатып ийгенден башка арга жок. Жабдууларын дат басууда. Адистер карап көрүштү, чынын айтсам, эски технологияны алып келишиптир, сапаты начар.

Өткөн жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү, алдыда аткарылчу иштер Кыргызстандын тышкы карызын жоюуга байланыштуу экенине өкмөт башчы Николай Танаев өзгөчө басым жасады:

- Биздин аракет карыздарды төлөөнү артка жылдыруу эмес, тышкы карыздын 65% кечирилишине жетишүү. Бу чен-өлчөмдөрдү аткаруу аягына чыгып баратат. Баарын тең белгиленген мөөнөттө аткаруу керек. Эксперттердин айтымында, CISAС программасын дурус аткара албадык.

XS
SM
MD
LG