Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Украин парламенти президентти тикелей шайлоону жоюу сунушун четке какты


Президент Леонид Кучма 2006-жылдан тартып мамлекет башчысын парламентте шайлоону сунуш эткен эле. Бул сунушка 450 депутаттын 304тү каршы чыкты. Байкоочулар Кучманын өз мөөнөтү бүтөөрдүн алдында президенттин бийлигин алсыздандырууну көздөп жаткандыгын айтышууда.
Парламенттин төрагасы, Социалисттик партиянын жетекчиси Олександр Мороз парламенттин чечимин колдоп, буларды билдирди:
- Жогорку рада туура чечим кабыл алды. Биз "президенттик шайлоого парламент катышпайт, мамлекет башчысын шайлабайт, аны электорат шайлайт" деп ачык-айрым айттык.
Кучманын сунушуна Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттары да тынчсыздануу билдиришкен эле.

XS
SM
MD
LG