Соңку 3 күндө Бишкекте А-93 үлгүсүндөгү бензин 16 сомдон 23 сомго, А-80 үлгүсүндөгү бензин 15 сом 50 тыйындан 21 сом 70 тыйынга чейин кымбаттады. Натыйжада шаар ичиндеги таксиге жол кире 40-50%, ал эми Бишкек-Ош багытындагы таксинин баасы 700 сомдон 1300 сомго, Бишкек-Талас багытындагы автоунаага жол кире 140 сомдон 160 сомго, Бишкек-Каракол каттамына жол кире 136 сомдон 160 сомго чейин көтөрүлдү. Бул өз кезегинде элди нааразы кылууда.
- Бензиндин кымбатташы күндөлүк жашоо-турмушубузду дагы оорлотту. Бул башка күндөлүк эл керектөөчү товарлардын кымбатташына алып келиши ыктымал, - дейт Бишкек шаарынын тургуну Мөкүшов Таалайбек.
- Жашообуз оорлоду. Анткени эми тапкан акчабыз күндөлүк тамак-аштан ашпайт. Ал эми автоунааны оңдоого жетпейт, - деп кабатырланат Володя аттуу адам.
Бензиндин кымбатташы тууралуу кыргыз өкмөтүнүн отун-энергетика бөлүмүнө кайрылганыбызда андагылар азырынча маалымат берүүдөн баш тартышты. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика комитетинин башчысы Тайырбек Сарпашов бензиндин кымбатташын мындайча түшүндүрдү:
- Менин оюмча, бензиндин кымбатташы Казакстандын өзүндө бензиндин жетишпей жаткандыгына жана Орусияда Ходорковский сыяктуу «бензин төбөлдөрүнүн» камалышы менен байланыштуу.
Ал эми Мунай трейдерлер ассоциациясынын башчысы Олег Забара бензиндин кымбатташынын себеби тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына буларды билдирди:
- Бензиндин кымбатташы Казакстандагы Чымкент мунай иштетүү заводу Кыргызстан менен түзгөн келишимин аткарбай жатканынан улам болду. Алар ноябрь айында Кыргызстанга 17 миң тонна бензин бериши керек эле. Ал үчүн 122 млн. сом алдын-ала төлөнгөн. Мындан бир нече күн мурун гана алар өз өлкөсүндөгү пайда болгон ар кандай себептерден улам бизге бензин бербей тургандыгын билдиришти. Анын себебин алар Чымкент мунай иштетүү заводу бир апта иштебей тургандыгы жана кийинки учурда Казакстанда да бензин жетишпей жаткандыгы менен түшүндүрүштү.
Олег Забаранын айтымында, Кыргызстандын мунай продукциясына болгон муктаждыгынын 70% Казакстандан, калганы Орусиядан ташылган мунайзат менен канааттандырылат. Анын пикиринде, мындай кырдаалдан чыгыш үчүн мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек.
- Кырдаалдан чыгыш үчүн мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүш керек, - дейт ал. – Казакстан тарап бизге бензин береби же жокпу, ошону тактаган оң. Эгерде «бензин бербейбиз» десе, Орусиянын мунай компаниялары менен байланышка чыгыш керек.