Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

ОРУСИЯ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АЧЫК КҮРӨШ ЖҮРГҮЗҮҮ АРАКЕТИНДЕ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Орусия президенти Владимир Путин өлкөдөгү коррупцияга жана экономикалык кылмышка каршы күрөш тартип коргоочу мамлекеттик структуралардан баштала тургандыгын билдирди. Орусиядагы коррупциянын абалы кандай жана анын өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Үстүбүздөгү аптанын башында Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкөдө коррупцияга жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүү боюнча жаңы мыйзам, а балким, андан ары федералдык орган түзүлө тургандыгын билдирди.

Мамлекеттин экономикалык өнүгүү министрлиги тарабынан сунуш кылынган аталган мыйзам долбоору, адистер айтымдарында, ишкердик чөйрөсүндөгү алакаларды жөнгө салуу ишинде мамлекеттик кийлигишүүнүн деңгээлин басаңдатуу ниетин көздөйт.

Президент Путин коррупцияга каршы күрөштү эң алгач тартип коргоочу жана күч структураларынан баштоону туура көрдү.

Дүйшөмбү күнү, ал Ички иштер министрлигиндеги финансылык алдым-жуттумга баткандарды четтен жумуштан чыгаруунун өзү бул мекемеге болгон ишенимди жоготпой, тетирисинче, коом тарабынан мамлекеттеги демократиялык жараяндардын жигердүүлүгү катарында баалана тургандыгын айтты.
В. Путин:

- Күчтүү жана өз күчүнө толук ишенген мамлекет гана өзүндөгү бул өңдүү терс көрүнүштөр менен ачык күрөшө алат.

Путиндин коррупцияны ооздуктоо чакырыгын айрым орусиялык байкоочулар «туура эмес мезгилде башталды» деп баалашты.

Георгий Сатаров – Орусиядагы коррупциянын абалына бир канча жылдардан бери назар салып, терең изилдөөлөрдү жүргүзүп келген «Интел» корунун президенти. Ал жогоруда аталган көз карашты карманып тургандардын катарында. Сатаровдун айымында, «Путиндин коррупцияга каршы күрөшүүдөгү активдүүлүгү анын президенттик шайлоо алдындагы жеке саясий кызыкчылыгын канааттандыруу менен байланыштуу. Анын үстүнө, бул иште башкы ролду күч структуралары ойной тургандыгын жакшы деп айтуу кыйын».

Г. Сатаров:
- Менимче, бул көрүнүш Путиндин коррупцияга жасалуучу чабуулда куугунттуктоо мүнөзүндөгү чараларды колдоно тургандыгынан кабар берет. Бул – натыйжасыз аракет.

Ал эми «Карнеги» корунун өкүлү Андрей Рябовдун айтымында, Орусия акыркы он жыл ичинде бир канча жолу «коррупцияга каршы күрөшкөн».

«Мурда Борис Ельциндин, эми Владимир Путиндин президенттик мезгилиндеги ар бир арам колдуулукка каршы багытталган аракет тигил же бул саясий кызыкчылык менен байланышы бар экенин көрсөттү. Андай максаттар аткарылган учурда коррупцияга каршы күрөштүн күчү да басаңдай түшөт же бул иш такыр эле унутулуп калат. «Андыктан бул жолку күрөштүн милдети да жалпы коррупцияны эмес, анын айрым көрүнүштөрүн гана жок кылуу», - деген ойдо Андрей Рябов. Анын сөзүнө караганда:

- Президент бул чакырыгы менен тартип коргоочу органдарга тымызын ишаарат кылды. Ишаараттын түпкү маңызы ЮКОС компаниясы менен байланышы бар мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишкараларды текшерүүгө алуу зарылды менен түшүндүрүлөт. Менин оюмда, аталган текшерүүлөр бүткөн соң коррупцияга жарыяланган согуш да токтойт.

Мамлекеттик чечимдерди кабыл алуучу органдардын коррупцияга аралашып кеткени, Рябовдун айтымында, Орусияда өтө коркунучтуу көрүнүшкө айланган. Бул постсоветтик жумурияттардын дээрлик баарына мүнөздүү жана эң башкысы, мамлекеттик башкаруу системасында иштегендердин коррупцияга оңой азгырылып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору экени менен айырмаланат.

XS
SM
MD
LG