Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүковдун айтымында, быйылкы туристтик сезон мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы болгон жок. Дүйшөмбү күнү кечинде быйылкы туристтик сезондун жыйынтыгы боюнча премьер-министр өткөргөн селектордук кеңешмеде Өкмөтбек Алмакүчүков билдерди:
- Жалпы маалымат боюнча 819 миң адам Кыргызстанга келип кетти. Былтыр бул цифра 981,7 миң адам болчу. Башкача айтканда, быйыл былтыркыдан 170 миң адам аз болду.
Анын айтымында, быйыл Ысыккөлгө келип эс алгандардын саны да 203 миң адамга азайган. Бул да эч нерсе эмес. Өкмөт «келечеги кең, артыкчылыктуу тармак» деп жарыялаган туризм тармагына салынган инвестициялар да жылдан-жылга азайып баратат. 2001-жылы бул тармакка 600 млн. сомдон ашык, былтыр 220 млн. сом инвестиция салынса, быйыл ал былтыркыга салыштырмалуу 3 эсе азайып, болгону 78 млн. сомду түздү. Ошондуктан комитеттин жетекчиси Өкмөтбек Алмакүчүковдун маалыматы өкмөт башчысын тынчсыздандырбай койгон жок.
Николай Танаев:
- Былтыр Туризм жылы болду. Быйыл болсо бул тармакты «артыкчылыктуу тармак» деп бардыгына жарыя кылып жатабыз. Быйыл Ысыккөлдө кырсык деле болгон жок.
Быйыл туристтердин аз келишин Өкмөтбек Алмакүчүков коңшулаш Кытайда чыккан өнөгөсүз өпкө оорусу тууралуу маалымат эс алуучуларды чочулатканы жана быйыл жай мезгили жылдагыдан салкын болгону менен түшүндүрөт. Анын айтуусу боюнча, Казакстандын жана Өзбекстандын Ысыккөлдөгү санаторийлерин Кыргызстандын карамагына өткөрүп алуу боюнча маселенин көтөрүлүшү алар тараптан инвестиция салуунун азайышына алып келген. Алмакүчүков кыймылсыз мүлккө салыктын киргизилиши да инвестор болгусу келгендерди токтотуп жатканын белгиледи.
- Экинчи себеп - бул Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн демилгеси менен кыймылсыз мүлккө салыктын киргизилиши. Алар үчүн курорттук-рекреациялык обьектилерге карата салык кандай болоору айкын болбой жатат.
Премьер-министрди мындай түшүндүрмө канааттандырган жок. Ал туризм боюнча статистикалык маалыматтар да бири-бири менен коошпогонун белгиледи. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанга келген туристтердин саны азайганы менен, ошол эле статистика бул тармакта туристтерге көрсөтүлгөн кызматтын 29,7% арбыганын көрсөтөт. Статистика боюнча, туризм тармагында 25200 чарба субъектилери иш жүргүзүшөт экен.
Николай Танаев:
- Чарба субъектилеринин ар бири 1 жылда 20дан эле адамды кабыл алган болуп чыгабы? Мындай статистиканын кимге кереги бар? Баары жалган. Так эсеп жок. Салыкты жашыруу бар. Бул - көмүскө экономика. «Биринчи көмүскө экономика - баңгизат сатуу» деп жүрөбүз. Экинчиси анда туризм турбайбы?
Селектордук кеңешмеге жер-жерлердеги губернаторлор да катышты. Анда абал жакшы эмес экени айтылганы менен, аны оңдоо боюнча эч кандай чечим кабыл алынган жок.