Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Иорданиянын падышасы Абдулла Тегерандагы эки күндүк расмий сапарын жыйынтыктады.


Визит учурунда ал Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи, президент Мохаммад Хатами жана башка жетекчилер менен жолугуп, Ирактагы кырдаал жана чөлкөмдөгү кызматташтык маселелерин талкуулады. Маалымат каражаттары билдиргендей, Ирандын тышкы иштер министри Кемал Харрази Абдулла менен жолугушуу маалында Иракта 25 министрден турган кабинет иштеп баштаганын өлкөдөгү бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү багытындагы алгачкы кадам катары баалады. ИРНА кабар агенттиги: "президент Мохаммад Хатами Иран менен Иордания регионалдык проблемаларды чечүүдө тыгыз кызматташууну кааларын белгиледи", - деп маалымдайт. Иорданиянын падышасы соңку 25 жыл ичинде Иранга алгачкы ирет расмий сапар менен барды.

XS
SM
MD
LG