НАТОнун Европадагы жогорку аскерий жетекчиси генерал Жеймс Жонстун билдирүүсүнө караганда, НАТО уюму өзүнүн активдүүлүгүн Батыш Европадан
Чыгыш Европага багыттайт. Бул тууралуу Бухаресте Румыния генералы Михаил Попеску менен сүйлөшүү учурунда кабарлаган Жеймс Жонс, АКШ батыштагы аскердик базаларын Чыгыш Европага которорун билдирген. НАТО өз курамына 2004-жылы Болгария, Эстония, Латвия, Литва, Румыния, Словакия жана Словенияны кошууну пландаштырып жатат. Ал эми Румыниянын генералы Михаил Попеску Румыния НАТОго кошулуу үчүн аскерий реформаларды улантаарын билдирген.