Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Эл өкүлдөр жыйынынын XVI сессиясынын иши эртең жыйынтыкталат


БИШКЕК. Эртең Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев маалымат жыйынын өткөрөт. Анда спикер палатанын XVI сессиясында каралган маселелер жана алардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берет. Эл өкүлдөр жыйынынын бул сессиясы 24-июнда башталган. Палатанын депутаттары сессиянын жүрүшүндө Кыргызстанда электр энергиясына тарифтерди түзүү, өлкөнүн тышкы соода иштеринин абалы, газ тармагын кайра уюштуруунун жана менчиктештирүүнүн программасы сыяктуу маселелерди талкуулашып, Улуттук Банктын 2002-жыл үчүн отчетун жактырышты. Ал эми палатада болгон өкмөттүк саатта өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун абалы жана аны турукташтыруу боюнча көрүлгөн чаралар, быйылкы табигый кырсыктардын алдын алуу жана аларды жоюу жөнүндөгү маселелер каралган.

XS
SM
MD
LG