Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Ирак боюнча Америка сунуштаган резолюцияны Алмания, Орусия жана Франция колдоду


Париж шаарында 21-майда Алмания, Орусия жана Франциянын тышкы иштер министрлери жолугуп, Ирак маселесин талкуулады. Жолугушуудан кийин Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен билдирүү жасап, АКШ сунуштаган Бириккен улуттардын Ирак боюнча жаңы резолюциясын Алмания, Орусия жана Франция колдой турганын билдирди. Резолюция Коопсуздук Кеңешинде 22-май күнү колго салынат жана ага ылайык, Иракка мындан 13 жыл мурда жарыяланган экономикалык чектөөлөр алып салынат. Иракты 12 ай ичинде АКШ жетектеген коалициялык күчтөр башкарат жана андан кийин ал башкаруунун жыйынтыктарын Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңеши карайт.

XS
SM
MD
LG