Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Жалалабад облусунун аймагында жер көчкү жүрүп атат


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн облустун күтүүсүз кырдаалдар башкармасы Майлысуу дарыясынын жээгине 750 миң куб метрлик жер көчкү түшүп, 3 миң эл жашаган Сарыбээ айылына бара турган жол жабылганын билдирди. Каражаттын жоктугунан улам жолду тазалоо иши башталган жок. Көчкү күчөгөндүктөн шаардагы «Кыргызэлектроизолит» заводунун иши убактылуу токтоду. Сузак районундагы Барпы жана Сузак айыл өкмөттөрүнүн 6 айылына барчу жол 17-апрелден бери ачыла элек. Техника жеткиргенге мүмкүн болбогондуктан, Чангенсай дарыясына ошол күнү түшкөн 400 миң куб метр жер көчкү алынбай турат. Аталган айылдарда электр жарыгы да өчүп калган. 14-апрелден бери 30 жерде кырсык катталып, 10 үй керектен чыккан.

XS
SM
MD
LG