Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ӨЗҮНҮН ЖАҢЫ РЕГЛАМЕНТИН ТАЛКУУЛАЙ БАШТАДЫ


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдө «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоорун талкуулоого киришти. Жаңы Конституцияга ылайык иштелип чыккан бул долбоор Эл өкүлдөр жыйыны даярдаган бир, Мыйзам чыгаруу жыйыны сунуштаган эки долбоордун негизинде иштелип чыгып, палатанын талкуусуна коюлду.

Долбоор Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына сунушталганга чейин кош палатанын биргелешкен депутаттык тобунун үч жолку отурумунда талкууланган. Натыйжада мыйзам чыгаруучу палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаев, депутат Ишенбай Кадырбеков жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттар тобу иштеп чыккан долбоорлор өз ара макулдашууларга ылайык бир долбоорго бириктирилген.

Дүйшөмбүдө долбоорго байланыштуу палатада жалпы талкуу болуп, ага кош палатанын төрагалары, орун басарлары жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Валерий Диль менен Муратбек Мукашев катышты. Мыйзам долбоорунун тарапкерлеринин билдиргенине караганда, жаңы Конституцияга ылайык жазылган «Регламент жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору келерки парламентке да, азыркы кош палатанын ишине да ыңгайлашты.

Долбоорду депутаттар алымча-кошумчасы менен жалпысынан колдоду. Алардын ичинен депутат Алишер Сабиров жаңы долбоорду негиз кылып, андагы 12 бөлүмдүн ордуна 6 бөлүм түзүүнү сунуштады. Депутаттын пикири боюнча, долбоор жалпы бөлүмдөн, Жогорку Кеңештин жалпы жоболорунан, эки палатанын өз алдынча жана бириккен регламенттеринен турушу керек. Акыркысы «Өткөөл бөлүм» деп аталып, ал кош палатанын 2005-жылга чейинки ишмердүүлүгүн аныкташы керек.

Ал эми Акылбек Жапаров баш болгон бир катар депутаттар жаңы Конституцияга кайчы келген эски беренелерди эске алуу менен 2005-жылга чейин азыркы регламенттин негизинде иштөөнү сунуш кылышты.

Депутаттардын бир тобун, «жети комитет кош палатада кандай тартипте түзүлөт?» деген суроо кызыктырды. Буга байланыштуу Ишенбай Кадырбеков азыркы шартта Конституция сөзсүз түрдө кош палатага жети комитетти түзүүнү милдеттендирбестигин, демилге иретинде эки палата өз-өзүнчө комитеттерди түзүшүнө жол берилээрин белгиледи:

- Биз элдин уруксатына жараша иш жасашыбыз керек. Эл болсо «ар бир палата комитеттерди жана комиссияларды түзө алат» деп айтып атат.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашев – «алдыда дагы эки жылдан ашык иштөө милдети турганда бейстабилдүүлүккө жол бербеш үчүн кош палатага эки башка мыйзам керек» деген депутаттардын бири. 16 депутаттын атынан палатада сөз сүйлөгөн М.Мукашев:

- Аракетке кире элек Жогорку Кеңеш жөнүндө мыйзам кабыл алуу бийлик бутактарынын ортосундагы мамилени бузуш үчүн саясий себеп болуп калат… Айрым күчтөр тарабынан Жогорку Кеңештин легитимсиздигин кызытчу маселе көтөрүлөт.

Депутат Мукашев өз пикирин Жогорку Кеңешке кирген өзгөрүүлөр менен байланыштырды. Жаңы Конституцияга ылайык парламентте кеминде жетиден депутат мүчө болгон жети комитет түзүлөт. Бир депутат эки комитетке мүчө боло албайт жана фракциялардын, бирикмелердин төрагалары комитеттерге башчы боло алышпайт. Отурумдарга себепсиз үч ирет катышпаган депутат мандатынан ажырайт. Депутат ар бир танапистен кийин каттоодон өтүп турууга милдеттүү же каттоодон өтпөгөн депутаттын ал күнү иш күн катары саналбайт.

Жаңы Конституцияга таянган президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев кош регламент кабыл алуу жөнүндөгү айрым депутаттардын көз карашына макул болгон жок. Анын айтымында, Конституция буга жол бербейт. Ошондуктан бир мыйзам кабыл алып, бирок ага кош палатанын 2005-жылга чейинки ишин бышыктаган жоболорду киргизиш керек.

- Жогорку Кеңеш эки палатадан тургандыгы жөнүндөгү 54-берененин 2-бөлүмчөсү, өзүнчө отурум өткөрүү жөнүндөгү 55-берене, 59, 60, 65-беренелер, башкача айтканда беш берене 2005-жылга чейин күчүн жоготпойт,- деп кошумчалады президенттин өкүлү. Мыйзам чыгаруу жыйыны бейшембиде «Регламент жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кеңири талкуулоого киришет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG