Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:22

КҮРДИСТАН ПАТРИОТТУК БИРИМДИГИ – КҮРТ “АНСАРЛАРГА” КАРШЫ УРУШКА БЕЛЕНДЕНҮҮДӨ


Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн башкы саясатчылары АКШнын Ирактагы режимге каршы саясатын колдошот. Бирок АКШга карата кастык маанайда турган күрт топтору да жок эмес. Ирактын түндүгүндөгү күрттөр жердеген чөлкөмдүн жарымындайын көзөмөлдөп турган Күрдистан Патриоттук Биримдиги эл аралык террорчулардын “ал-Кайида” уюму менен байланышы бар деп шек кылынган күрт жоочулар тобуна каршы аскердик өнөктүккө камынууда.

Өздөрүн “Ансар ул-ислам” – “Исламдын жеңиштүү жоокерлери” деп атаган күрт жоочулар тобу менен Күрдистан Патриоттук Биримдигинин жоокерлери өткөн жылдын күз айларында да, үстүбүздөгү айдын башында да өз ара салгылашты. Февралдын башындагы кагылышуунун айынан Күрдистан Патриоттук Биримдиги уюмунун сегиз жоокери окко учту. Былтыр сентябрда бул уюмдун 120 жоокери “ансарлардын” колунан мерт тапкан.

Кошмо Штаттар “Ансар ул-ислам” уюмун Осама бен Ладендин “ал-Кайида” террордук уюму менен алакасы бар деп айыптап, террорчу бирикмелердин “кара тизмесине” кошкон. Февралдын 5инде, ал түгүл, АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл космостук жасалма жандоочу аркылуу тартылып алынган сүрөттү Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинде көрсөтүп, “Ансар ул-ислам” аракет кылган аймакта террорчуларды машыктыруу жайы бар экенин айткан. АКШ өкмөтү “ансарларды” Осама бен Ладен менен да, Саддам Хусейн менен да тыгыз кызматташтыкта деп санайт.

Ал эми Күрдистан Патриоттук Биримдиги уюмунун жетекчиси Жалал Талабани февралдын 15инде чыгып сүйлөп, өз партиясы “ансарларды” биротоло жок кылуу тууралуу Кошмо Штаттар менен макулдашууга жетишкенин айтты. Талабанинин сөзүнө караганда, ушул тапта “ансарларды” ойрон кылуу үчүн камылга көрүлүп жатат. Талабанинин өкмөтүнүн премьер-министри Бархам Салих “Азаттыктын” кабарчысы менен былтыр ноябрда курган маегинде “Ансар ул-ислам” уюмунун мүдөөсүн мындайча сынга алган:

- Алар ирактык Күрдистандагы кырдаалды туруксуздаштырууну каалашат. Бирок, тилекке жараша, аскерлерибиз алардын эбин дурустап табууга жана чабуулунун мизин майтарууга жетишти. “Ансарлар” өз мүдөөсүн жүзөгө ашыра алган жок.

“Азаттыктын” Ирак кызматынын өкүлү Камран ал-Карадаги мырза дүйшөмбүдө, февралдын 17синде, биз менен маек куруп, күрт эли мындай ашынган исламчы жоочулар тобун жактабай турганын баса белгиледи:

- Дегиңкиси, бул топ күрт калкынын олуттуу колдоосуна ээ деп айтууга негиз болчу далил жок. Бул топ Ирандын чек арасына жакын жайгашкан анча-мынча гана кыштакты көзөмөлдөп турат.

Жекшембиде Күрдистан Патриоттук Биримдигинин аскерлери Халабжа шаарчасына карай кетчү жолду жана башка мерчемдүү чыйырларды тороп, болочокку салгылашууга даярдана баштады. “Ансарлар” негизинен Бийара шаарчасында топтолгон. Бул шаарча Ирактын Иранга коңшулаш чыгыш чек ара аймагында жайгашкан. Халабжадагы Мунира мечитинин имамы Эхсан Жаббар Ибрагим “Файненшл таймс” гезитинин кабарчысы менен курган маегинде “ансарлар” менен Талабанинин аскерлеринин салгылашуусу ансыз да 1980-88-жылдардагы иран-ирак согушунан олуттуу жапа чеккен жергиликтүү калайыкка оор кесепет тийгизээрин айтат. Ал эми айрым жергиликтүү тургундар “ансарларды” мурдунун учунан алысты көрө албаган фундаменталист жоочу катары таш-талкан кылуу – Ирактагы күрттөрдүн улуттук кызыкчылыктарына төп келээрин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG