Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Кыргыз омбудсмени «Вечерний Бишкек» гезитине дагы бир доо арыз даярдап жатат


Свердлов райондук соту 27-январда акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун «Вечерний Бишкек» гезитине каршы берген доо арызын кароого киришет. Башкы акыйкатчы соттон аталган гезитте декабрь айынын башында жарыяланган эки макалада жеке абийирине жана акыйкатчы институтуна шек келтиргени үчүн гезиттен,макаланын авторлорунан 20 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Акыйкатчы ошондой эле «Вечерний Бишкек» гезити акыркы айда анын арнамысына шек келтирген дагы бир нече макала жарыялаганын белгилеп,каралып жаткан ишке кошумчалап сотко дагы арыз берерин 18-январда билдирди. Жогоруда аталган эки макала боюнча сот жараяны биринчи ирет 15-январга белгиленип,бирок Турсунбай Бакир уулу сотко
кечигип калды деген себеп менен кийинкиге калтырылган.

XS
SM
MD
LG